// //

Баланын жамбаш-кашка жилик муундары өнүкпөй калса кандай белги болот?

2022.02.14, 10:42
3477

Жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясы - бул муундардын тубаса өнүкпөй калышы, кашка жиликтин жамбаш менен биригүүчү башындагы оюкчасына жамбаш-кашка жилик сөөгүнүн башынын адаттан тышкары жайгашуусу. Жамбаш-кашка жилик муундарынын ишинин бузулушуна алып келет жана эң оор учурда сандык өнөкөт чыгып кетүүсүнүн себеби болушу мүмкүн. Медицина адистери балаңызды төрөлгөндө жана балаңыздын биринчи жылында жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясына текшерет. Жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясы бар балдарга ортопедиялык конструкцияларды тагынып жүрүү талап кылынышы мүмкүн: гипс карматкычтары, пластик корсеттер, бөлүп туруучу шиналар – алар баланын буттарын керектүү багытта кармап турат. Андан оор учурларда хирургиялык кийлигишүү талап кылынышы мүмкүн.

Жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясы жөнүндө

Жамбаш-кашка жилик муундары (DDH) нормалдуу болгондо жамбаш-кашка жилик сөөгүнүн чокусу (башы) кашка жиликтин жамбаш менен биригүүчү башындагы оюкчасына кирип турат. Жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясы бар балада жамбаш-кашка жилик муундары терең эмес. Натыйжада кашка жиликтин башы жылмышып жана жылып кетиши мүмкүн. Чыгып кетет. Бир буту экинчисинен кыска болуп аксап калуу келип чыгат.

Адатта, бир гана жамбаш жабыркайт, көбүнчө сол жамбаш. Бирок кээде эки жамбаш тең жабыркайт.

Жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясы төрөлгөндө болушу мүмкүн же төрөлгөндөн кийинки бир нече жумаларда же айларда өнүгүшү мүмкүн.

Жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясы жумшактан оорго чейин өзгөрүшү мүмкүн.

DDH белгилери жана симптомдору

Эгерде сиздин ымыркайыңызда жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясы бар болсо, төмөнкү белгилерди көрүшүңүз мүмкүн, бирок алар дайыма эле ачык боло бербейт:

  • сандардын кыймылдуулугунун (ажыратуунун) чектелиши, бөбөк буттарын эки жакка ачуу аракетинде ыйлаган учурлары сейрек эмес;
  • чат жана жамбаш бырыштарынын асимметриясы (дал келбөөчүлүк), ал жабыркаган тарапта ачыгыраак көрүнөт;
  • сандарды эки жакка ачканда тырс (кырс эткендей сезим) деген үндүн чыгышы;
  • балаңыздын буттарынын бири кыска көрүнөт. Бул сиздин балаңыз чалкасынан жатканда, ал эми анын саны жана тизелери 90 ° бурчта бүгүлүп турганда байкалат;
  • жабыркаган тараптагы тамандын нейтралдуу абалдан бурулушу
  • сандын бырыштарынын асимметриясы;
  • балаңыз чоңоюп калган учурда аксап калат.

Сиздин балаңыз жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясы боюнча дарыгерге көрүнүшү керекпи?

Эгерде сиз жогоруда саналып өткөн жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясынын кандайдыр бир белгилерин байкасаңыз, балаңызды дарыгерге алып барышыңыз керек.

DDH үчүн тесттер

Жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясын аныктоону төрөт үйүндө эле жүргүзүшөт.

Сиздин үй-бүлөлүк дарыгериңиз кайрадан алты жумадан кийин текшерүү жүргүзөт жана балаңызды жашоосунун алгачкы 12 айынын ичинде мезгил-мезгили менен текшерип турат.

Эгерде дарыгериңиз жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясынан шектенсе, балаңыз жамбаш-кашка жилик муундарына ультра добуштуу изилдөөдөгө (УДИ) жиберилет.

Жамбаш-кашка жилик муундарынын УДИси 6-8 жумалык куракта сунушталышы мүмкүн.

Адистин корутундусун алуу үчүн силерди балдар ортопед-хирургуна жөнөтүшү мүмкүн.

Ортопед тарабынан сунушталган текшерүү мөөнөттөрү - 1 ай, 3 ай, 6 ай жана 1 жыл.

DDH дарылоо

Жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясын дарылоону мүмкүн болушунча эрте баштоо керек.

Эгерде ымыркайыңызга жаңы төрөлгөндө жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясы диагнозу коюлган болсо, дарыгерлер ортопедиялык конструкция тагынып жүрүүнү сунушташы мүмкүн: гипс карматкычтары, пластик корсеттер, бөлүп туруучу шиналар. Адатта бул балдар муундардын карматылышын көзөмөлдөө үчүн ар бир 4-6 жумада жамбаш-кашка жилик муундарынын УДИсинен өтүп турушат.

Жеңил жана орточо формасында балдар жалпысынан үч ай бою ортопедиялык конструкция тагынып жүрүшөт. Оор формасында балдар ортопедиялык конструкцияны алты ай же андан узак тагынып жүрүшөт. Кыйла оор формасы менен жабыркаган балдарга хирургиялык кийлигишүү талап кылынышы мүмкүн.

Бала канчалык кичине болсо дисплазияны дарылоо ошончолук жеңил өтөт. Мисалы, 3 айга чейинки бөбөктөрдүн муундары балдардын буттары дайыма керектүү абалда турган шартта өз алдынча калыбына келиши мүмкүн. Бирок дарылоо жана алдын алуу өмүрүнүн биринчи 3 айында жасалбаса, анда толук айыгуу үчүн кыйла узакка созулган жана олуттуу дарылоо, мисалы, хирургиялык кийлигишүү талап кылынышы мүмкүн.

DDH алдын алуу

Жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясын көп учурда алдын алууга болот. Төрөттөн кийинки ооруга чалдыгуу тобокелчилигин азайтуу үчүн зарыл:

  • сандарын жана буттарын чогуу байлап, катуу таңуудан качуу. Эгерде сиз балаңызды ороп койсоңуз, анын бели жана тизеси бүгүлө тургандай кылып бутун бош кармаңыз.
  • Кээ бир ымыркайлар башын бир жакка каратып жатууну жакшы көрүшөт. Бул балаңыздын жамбашынын абалына таасир этиши мүмкүн. Ымыркайыңыздын башын оңунан солго алмаштыруу маанилүү. Бул ошондой эле балаңыздын башынын тегиз эмес же сүйрү болушуна бөгөт коюуга жардам берет.
  • текшерүү үчүн, өзгөчө баланын өмүрүнүн биринчи 6 айында үй-бүлөлүк дарыгерге үзгүлтүксүз барып туруу, анткени дарыгер ушундай жол менен патологияны өз учурунда аныктай алат;
  • жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясы менен жабыркаган ымыркайлар үчүн бөбөктүн буттарын ажыратып кармай турган атайы кийимдерди тандоо, бул жамбаш-кашка жилик муундарынын жакшы өнүгүүсүнө түрткү берет.

Жамбаш-кашка жилик муундарынын дисплазиясынын тобокелчилик факторлору

DDH үчүн тобокелчилик факторлору өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • анын калыптануусундагы тубаса бузулуулар;
  • түйүлдүктүн жамбаш чарасындагы жатышы, суунун аздыгы, кош бойлуу учурда жатындын ашыкча тонуста болушу;
  • түйүлдүктүн жатын ичинде орун которуусуна тоскоол болуучу гинекологиялык оорулар;
  • чоң түйүлдүк
  • эненин жатынындагы түйүлдүктүн айланасындагы суулардын аздыгы
  • эгиздер менен кош бойлуулук
  • жынысы - балдарга караганда кыздарда төрт эсе көп кездешет.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт