Адамдын бул 5 түрүнөн дароо качыңыз, ошондо жашооңуз тынч өтөт
Салам достор! Бүгүн силерге алыс болушуңуз керек болгон адамдардын 5 түрүн айтып беребиз. Эскерте кетели, түрлөрү абдан көп, биз болгону эң популярдуусун санап кеттик.
Көрө албагандар
Көрө албагандар коркунучтуу адамдардын түрү. Анткени көрө албастык аларды эмнеге түртүшү мүмкүн экенин эч качан биле албайсыз. Алар сизге жаман кеңештерди берип, түз жолдон адаштырышы мүмкүн. Мисалы, сизге жарашпаган түстөгү көйнөк сатып алууну сунуштайт дегендей. Андыктан чөйрөңүздө көрө албагандарды байкасаңыз, дароо алыстаңыз.
Критиктер
Ой, бул адам сындоо боюнча дүйнө чемпиону болот. Баскан-турганыңызды, ичип-жегениңизди, кийимиңизди, айтор, бүт нерсеңизди тынымсыз сынга алат. Ал үчүн бүт нерсени туура эмес кылып жаткан болосуз. Анын жанында өзүңүздү эч нерсеге татыксыз, колунан эч нерсе келбеген бир байкуш сезесиң. Тезинен качыңыз.
Эки жүздүүлөр
Эки жүздүү адамдан өткөн жаман адам жок. Элестеткиле, сизге башканы сүйлөйт, башкага башканы сүйлөйт. Жаныңызда жылмайып жүрөт, жок болсоңуз ушак тарата баштайт. Мындай адамдар ушак таратып гана тим болбостон, жашооңузду олуттуу түрдө бузат.
Манипуляторлор
Ал сизди жөн гана колдонот. Ар дайым сизди күнөөлүү кылып көрсөтөт. Өзүнүн пайдасын баарынан жогору коет. Сиз алардын каалоосын жасашыңыз керек. Болбосо, таарынат, ыйлайт, иши кылып кыйнап жиберет. Манипуляторлор өтө кооптуу, анткени алар жашооңузду таштандыга айлантып, сизден максималдуу пайда гана издейт.
Курмандыктар
Булар жашоодо бардыгына нааразы. Бир нерсени өзгөртүп, өздөрүнө жоопкерчилик алуудан качышат. Ар дайым даттаныт, бирөөнү күнөөлөп, ыйлап, негативде жүрүшөт. Курмандыктар үчүн баары күнөөлүү, алар өздөрү гана ак. Аларга жардам берем деп жүрүп, өзүңүз чарчап класыз. Анткени, алар бирөөгө даттангандан ырахат алышат, эс алып калышат. А сиз алардын таштандысын угуп отуруп, өзүңүз таштанды чакага айланасыз.
Өзүңүздү сыйлаңыз!
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Айымдар бул 5 себептин айынан заарасын кармай албай калат
Климакс тууралуу бул кызыктуу 6 факты ар бир айым билиши керек
Чачты суу кезинде тарабаңыз. Чач жөнүндө кызыктуу 4 факт