“Соргоктордун” ачыктаган сырлары тууралуу

Булимик адам тамак жегени үчүн өзүн күнөлүү сезет. Кырдаалды оңдоо үчүн дарыларды колдонуп, кусууга аракет кылат. Булимия кандай оору жана ага кимдер чалдыгаары туралуу Компулсивдик түрдө ашыкча жегендер жамаатынын анонимдик клубунун мүчөсү менен маектештик.

Булимия-тамак-аш бузулуу оорусу. Мындайча айтканда адам тамак-аш жеп бүтүп, өзүн жасалма жол менен кустурат. Тамак-аш бузулуунун көп түрү бар. Психотроптук алкогол, баңгизат, сигарет сыяктуу заттарга көз каранды адам, сыртынан караганда бат эле билинет. Ал эми булимиктер билинбейт. Физикалык жактан нормалдуу көрүнүшөт. Болгону алардын психикасы бузулган. Тамак-аш бузулуусу менен жапа чеккен адам, өзүнүн оорулуу экенин билбейт. Баары эле көп жейт деп ойлойт. Бирок бул жерде эң негизги кеп жөн эле тамак жеп, өзүңдү кустуруп коюда эмес, өлүмгө алып баруу рискинин жогору болушунда. Себеби бул психикалык абал депрессияга алып келет.

Булимия азыркы кезде жаштар, өзгөчө мектеп курагындагы өспүрүм кыздар арасында көп кездешүүдө. Алар гезиттер, интернет же журналдар таңуулаган сулуулуктун стандарттарын көрүп алып, арыкташат. Колдорунан келбей баштаса, ашыкча тамак жейт же толугу менен тамак-аштан баш тартып, тозок жашоого өздөрүн жетелешет. Булимиктер нормалдуу жашап, билим алып, турмушка чыга алышпайт. Жеген нерселерин көзөмөлдөй албайт. Ооба, алар минтип жашагысы келбейт, бирок кайда, кимге кайрылууну билишпейт. Баары даамдуу тамактанганды жакшы көрүшөт. Көп тамак жеген адамдар бар, бирок алар тамактангандан кийин ырахаттануу алышат, өздөрүн күнөөлөбөйт. Булимиктер болсо эмнеге жедим деп өздөрүн күнөөлөп, кабатырланышат.

Чыныгы окуя, булимиядан бошонгондор

Пайдалуу тамактарга болгон кызыгуум 22 жашымда башталды. Менде тамак-ашка болгон чектөө жок болчу. Каалаган нерсемди жечүмүн. Эсимде, жегенге бир нерсе таппай калсам, кургак какао порошогун жечүмүн. Гликемикалык индекс концепциясы тууралуу билген күнүм, али да эсимде. Апамдын курбусу канда сахарды көтөрбөгөн азыктарды гана жесең табит жоголуп, арыктайсың деп айтты. Ошондо мен туура тамактанууну чечтим. Журналдардагы моделдер сыяктуу сулуу, арык болуп, бакытка жетем деп ойлодум. Ата-энемден кетип, батирге чыктым. Биринчи алган буюмум пароварка болду. Ага мен гречка жана брокколли бышырып жей баштадым. Ошондо эле менин туура тамактануу принцибим иштебей жатты. Дем алыш күндөрү, чыдай албай, каалаган тамактарымды жеп алып жаттым. Бул нерсе бир нече жыл уланды. Кийин турмушка чыгып, жолдошум менен Америкага кеттим. Ал учурда 28 жашта элем. Кайра эле баягы туура тамактанууга кирип кеттим. Түрдүү китептерди окудум. Бактылуу болуу үчүн эмне кылуу керек экенин изилдедим. Балмуздак, пицца сыяктуу азыктарды такыр жебей калдым. Акылсыз адамдар гана аларды жейт деп өзүмдү алаксытып жаттым. Мага мыкты фигура жана бактылуу нике гана керек деп ойлодум. Бул айлампа жылдарга кайталанды. Өзүмө ар кандай ооруларды ойлоп табып, сахар, дан өсүмдүктөрүн жебешим керек деп ойлодум. Дайыма бир нерсени өзгөрткүм келе берчү. Менде мыкты жумуш, сый-урмат бар эле. Бирок баары бир мага бир нерсе жетишпегендей болчу. Эмне жесем болот, жебесем болбойт деп эле ойлоно берчүмүн. 20 жыл чогуу жашагандан кийин, күйөмдөн кетип калдым. Эч ким менен сүйлөшкүм келбей калды. Диетолог курбума барып, арыкташ үчүн эмне кылуум керек деп сурадым. Ал мага углевод, сахар, сүт азыктарын колдонбо, эт, жашылча-жемиш жегин деди. Бул тамактанууга дагы көнүп калдым. Туура тамактанууга керек болгон азыктарды сатып алуума көп акча короттум. Анан баары башталды. Мен ашыкча тамак жеп баштадым. Курсагымды толтуруп алып, чалкаман эмес, кырыман уктай турган болдум. Эмне жеп жатканымды деле карабай калдым. Өзүмдү колго алсам эле бары жакшы болот дедим. Салмагым 80 кг жетти. Психикамда өзгөрүүлөр пайда боло баштады. Унаа айдап бара жатып, бир нерсени сүзүп алгым келчү. Тозокто жашап жатканымды сезе баштадым. Оюмдун баары тамакта. Ошол учурда оорулуу экенимди моюнга алдым. Издеп олтуруп ашыкча жегендер анонимдүү клубун таап мүчө болдум. Бир айга жетпей жашоом калыбына келе баштады. Ишенесиздерби биринчи жолу торт жасап жедим. Жегенден кийин кадимкидей ырахат алдым. Мен эми жашап баштадым.

Булимия менен ооруган адамдын мүнөздүү белгилери:

  • Тамак-аш бузулуу оорусуна чалдыкканын билбейт
  • Жеген нерселерин көзөмөлдөй албайт.
  • Тамакты ырахаттануу менен эмес, ылгабастан, даамын татпастан механикалык түрдө жейт.
  • Жесе дагы, жебей койсо дагы жаман болот.
  • Дайыма кабатырлануу, тынчсыздануу абалында жүрөт.
  • Тамак-аштан башканы ойлобойт. Өзүнүн жашоодогу ролун унунтат.
  • Кылган аракетине шылтоо издейт.
  • Башында куруп алган идеалына жетсем гана бактылуу болом деп ойлойт.
  • Эч кимдин оюн укпай калат.
  • Эрки жоголот.
  • Өздөрүн жасалма жолдор менен кустурат
  • Негизги кызыкчылыгы тамак болуп калат.

Кеп ашыкча же көп тамак жегенде эмес, жегенден кийин өзүңдү күнөөлөгөндө. Булимиянын биринчи абалы ушинтип башталат. Анорексия менен булимия медалдын эки тарабы. Булимия чектен чыгып кетсе, организим тамак-ашты кабыл албай, анорексия дартына чалдыгат. Оорулуулар өздөрүн түрдүү жолдор менен кустурат. Дары ичишет, механикалык жолдорго барышат, ич өткөрүүчү порошокторду колдонушат, курттарды жутушат. Айта берсек толтура. Булар психикалык жактан башкача ой жүгүртүшөт. Чектен чыгып, кесепетин унутуп коюшат. Өздөрү түзүп алган мифке жетүү үчүн көп акча, убакыт коротушат.

Тамак-ашка болгон нормалдуу мамиле:

  • Ач болгондо тамактануу, тойгондо токтоп калуу
  • Өзүңө жаккан тамактар менен тамактануу
  • Ашыкча же аз жесең, кабатыр болбоо
  • Тамак турса кааласаң жейсиң же жөн эле коюп коесуң

Тамак-ашка болгон көйгөйлүү мамиле:

  • Ач болбогон убакта тамактануу
  • Ичиң ооруганча тамактануу
  • Зыяндуу тамак-аш менен бат-баттан тамактануу
  • Эмоцияга алдырган учурларда тамактануу
  • Уялганда же басмырлоого дуушар болгондо тамактануу
  • Салмагың, диета жана тамак туралуу көп ойлонуу
  • Калорияларды эсептөө
  • Спорт менен эсиң ооганча машыгуу

Чыныгы окуя, булимиядан бошонгондор

Кичине кезимде тамак биздин үй-бүлө үчүн сыйлык эле. Жакшы иш кылсаң-таттуу жейсиң, жаман иш кылсаң- бир жума жебейсиң. Ошентип тамак менин жашоомдо негизги орунга ээ болду. 16 жашка чыкканда гормондон улам, толо баштадым. Бирок мен жашоодон ыракат алып, жыргап эле жүрдүм. Бирок баары классташымдын менин жамбашым Дженнифер Лопестикиндей деп айтканынан кийин башталды. Арыкташым керек деп чечтим. Өзүмө метод ойлоп таптым, баарын жесе болот бирок жарымын гана деп. Курсагым тойгон жок, бирок өзүм менен сыймыктанып жаттым. Бара-бара ундуу азыктарды, шириндиктерди жебей калдым. Суу көп ичип, бассейнге бара баштадым. Арыктаган сайын менде маниакалдык абал пайда болуп жатты. Ашыкча алма жесем, 10 кг семирип кетем деп ойлочу болдум. Саат сайын пресс кылып, тарелкада май калып калбасын деп 5-6 жолу жууй турган адат таптым. 173 см боюм менен 49 кг жеттим. Анда дагы бир нерсе жетишпей жатты. Күзгүдөн өзүмө толук көрүнө бердим. Этек кирим токтоду. Бейтапканага барсам, аменорея дартына чалдыкканымды айтышты. Тукумсуздуктун 2-даражасы. Гормон иче баштадым. 24 жашымда боюмда болду. Анда дагы спорт менен машыгып, тамактарга чектөө коюп жаттым. Балам катуу аллергия менен төрөлдү. Төрөттөн кийин ашыкча тамактанып баштадым. Балам жаныма келсе бакырып, өзүмчө тамактанган адат таптым. Дем ала албай калганача тамак жечүмүн. 3 күн ачарчылык кылып, кайра эле ашыкча тамактанып алып жаттым. Кийин күйөмдүн акчасын уурдап, бекинип барып тамак алып жей баштадым. Психологго кайрылдым. Жыйынтык бербеди. 10 жыл убакытым өттү. Тамакты гана ойлоп калдым. Бизнесимди жоготтум. Акырында оорулуу экенимди моюнга алдым, анан баары өзгөрүлө баштады.

Баары эгоизимден башталат. Жашоо каалаганындай болбой калса, дисгармония болуп, пландары ишке ашпай, ичинде чогула берип бир күнү жарылат. Жакын адамдары, диета, психологдор жардам бербейт. Жашоого болгон көңүлү калат. Бул эң коркунучтуу. Бул абалда сен жарым жансың. Өзүнүн ролун унутат. Депрессияга түшөт.

Булмия менен кантип күрөшөбүз:

  • Эн маанилүүсү өзүңдүн оорулу экенинди моюнга алуу.
  • Жашоону, өзүңдү кандай болсоң ошондой кабыл алуу, сүйүү.
  • Жогоруда күч бар экенине ишенүү.
  • Эч кимди күнөөлөбөй, жашоо мыйзамы менен жашоого аракеттенүү.
  • Эч качан өзүңдүн ичиңе кирип, жашынып албоо.
  • Жакын адамдарыңа ачылуу.
  • Жардамга кайрылуу.
  • Ачыкка чыгаргандан коркпой, булимия менен күрөшүү.

Азыр компулсивдик түрдө ашыкча жегендер жамаатынын анонимдик клубу ачылган. Интернет сайты, скайпы, байланыш телефондору бар. Жолугушуулар болуп турат. Ал жерде булимиядан айыккан адамдар, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Көп адамдар сакайып, нормалдуу жашоого кайтып келишкен. Баары бекер. Негизгиси бизге таңуулаган, өзүбүз түзүп алган сценарийлерди кабыл албай, унутуу керек. Жашоо аябай кызыктуу!

Компулсивдик түрдө ашыкча жегендер жамаатынын анонимдик клубунун байланыш жолдору:

Скайп: bigbookaaap

Шейшемби-18:00, бейшемби, ишемби, жекшемби-09:00, жума 19:00.

Бишкекте жолугушуулар:

Ар жуманын бейшемби күнү саат 18:30 да, Фрунзе көчөсү 429 Б, “Достук” отели 2-кабатта болот.

Телефону: 0550 52 74 46

Инстаграм: problemeaters

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт