// //

Жигиттер канча жашында жыныстык жашоону баштаса болот? Уролог айтып берет

2022.01.28, 15:12
10764

Жигиттер канча жашынан баштап жыныстык катнашка барса болору тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, доцент, уролог Зуфар Хакимходжаев айтып берди.

Жаш жигиттер канча жашынан баштап жыныстык жашоону баштаса болот?

Бул жерде баары индивидуалдуу, так мынча жашында деп айтуу мүмкүн эмес. Ар ким ар кандай жашында баштайт. Физиологиялык жетилүү жактан алып карасак эркек бала 12-14 жашында жыныстык катнашка барууга даяр болот.

Бирок, эң маанилүү болгон психологиялык жетүүлүүдө 18 же 20 жашында баштаган туура.

Тилекке каршы, көпчүлүк жигиттер эрте баштаганда аракет кылат. Себеби алар үчүн жыныстык катнаш өздүк баа менен байланышкан, кандайдыр бир эрдик катары көрүшөт. Тең туштар арасында бири-бирине мактанып, болбогон калптарды айтышат. Анан көбү аларга ишенип, досторуна окшошкусу келип, жыныстык катнашты баштаганга шашылышат. Бул жерден айтып коюу керек, жыныстык катншатын эрдик менен байланышы жок.

Ошондо, алар үчүн жыныстык катнаш чоңдордун жашоосуна кирүү билетиби? Секссиз бой жетсе болобу?

Жыныстык катнашка барып баштоо эркек баланын бой жеткенинен кабар бербейт. Бул нерсе өздүк бааны убактылуу гана көтөрүү болуп саналат. Менин сунушум, шашылбай 18 же 20 жаштаны ары баштагыла.

Өздүк бааны секс менен эмес, билим, спорт, өзүн-өзү өнүктүрүү менен көтөргүлө.

Жыныстык жол менен жугуучу оорулар деген эмне? Алардын белгилери, дарылоосу жана кесепеттери кандай. Мунун бардыгы репродуктивдик функцияга кандай таасири бар?

Жыныстык жол менен жугуучу оорулардын түрлөрү абдан көп. Аты эле айтып тургандай ал бир өнөктөштөн экинчисине жыныстык катнаш учурунда берилет. Эркектер жөнүндө сөз кылып жаткандан кийин, аларга тйигизген таасирин айта кетейин. Көп кездешкени: гонорея, сифилис, хламидиа, микоплазмоз, уреаплазмоз  ж.б.

Убагында дарылабай инфекция ары кирип кетсе, төмөнкү кесепеттерге алып келиши мүмкүн: уретрит, простатит, орхиепидидимит ж.б. Эң жаманы тукумсуздукка чалдыктырат. Көп оорулар белгилери билинбейт, кийин үйлөнгөндө же өтүшүп кеткенде анан баары башталат.

Эң коркунучтуусу өз убагында табылбаган жана дарыланбаган айрым жыныстык жол менен жугуучу оорулардын түрлөрү ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алуу коркунучун жогорулатат.

Жигиттер үчүн кандай коргоонуу каражаттарын сунуштайсыз?

Презерватив бул жыныстык жол аркылуу жугуучуу ооруларды гана эмес, ВИЧ инфекциясын жана дагы пландаштырылбаган кош бойлуулуктуу алдын алалчу каражат. Аны ар дайым жана туура колдонуу зарыл. Андыктан, презервативди колдонууну сунуштайм. Мындан тышкары, жылына ар кандай жыныстык жол аркылуу жугуучу ооруларга бир-эки жолу анализ тапшырып, медициналык текшерүүдөн өтүп туруу маанилүү.

Ата-энелер балдары үчүн эмне кыла алышат?

Бул жерде баары бала менен ата-эненин ортосундагы мамиледен көз каранды. Азыр өспүрүмдөрдүн көбү интернеттен туура эмес маалыматтарды алып жатышат. Бул учурда ата-эне урушпай, бакырбай, жай гана отуруп алып, эрте жыныстык катнашты баштоо бул чоңою эмес экенин, кеспеттерин айтып бериши керек. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт