// //

Кайын энеме 10 балалуу болгубуз келет десек, берген жообу таңкалтырды

2022.01.26, 12:59
16322

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Маанайы дароо түштү. Ары-бери колун артына кылып алып басты. Күйөөм экөөбүз таңкалып калдык. Эмне, 10 неберенин чоң энеси болгусу келбейби дедик. Анан мындай деди.

Биз быйыл күзүндө баш коштук. Үч айлык боюмда бар. Курсагымды сылап жаткандан башка иш дел кылбайм. Күйөөм дагы, кайын энем дагы жумушка колумду тийгизишпейт. "Сенин жумушуң ичиңдеги балаң, эс ал" деп эле турушат. Кээде алар жокто кадимкидей зеригип, бекинип алып короо жыйнайм, эшик шыпырып, терезелерди жууйм. Бир-эки жолу кармалып калып катуу уруш жегем.

Күйөөм өтө камкор адам болуп чыкты. Кыз-жигит кезибизде көп байкалчу эмес. Азыр күрмөмдү топчулап, бутум жылуубу карап турат. Жумуштан келгенден кийин ичимдеги балабыз менен сүйлөшөт. Аябай сүйүнүп жүрөт.

Ашканада тамак ичип отурганбыз. Күйөөм экөөбүз дароо экинчи балалуу болгубуз келгенин айтып, келечекте 10 балалуу болгубуз келерин дагы сүйлөшүп жаттык. Кайын энем эмнегедир бул сөзүбүздү жактырбады. Улам экөөбүздү карап коет. Күйөөм себебин сурады.

Кайын энем ары-бери басты. Анан кайра ордуна отурду.

"Балдарым, бала бакыт, бирок азабы дагы бар. 10 баланы жаратып коюу оңой, бирок аларды багыш дагы керек. Бала өзү төрөлөм дебейт, ал үчүн ата-эне жоопкерчиликтүү болот. Жараткандан кийин эч нерседен кем кылбай багыш керек. Ар бир бала ырыскысы менен деп жарата беришет. Мен буга кошулбайм. Эч бир бала биринен калган эски кийимдерди кийип, сынык оюнчуктарды ойноп, боппоз тамак жеп чоңойгусу келбейт. Аны мына биз чоңдор чечип койгонбуз. Бала жакшы жерде билим алып, теңтуштарынан калбай кийинип, ичип жүрүшү керек. Бала эски кийингенден уялат. Теңтуштарынын шылдыңы аябай катуу болот.  Басынып чоңойгон баланын тагдыры оор болот. Экөөң тең азыр жашсыңар, бирөөң гана иштейсиңер. Сенин тапканың балаңа бардык нерсени бере алабы? Азыр мына үйүңөр дагы жок. Туруктуу жумушуңар жок. Анан кантип 10 баланы багасыңар. Ойлонуу керек. Бир бала болсо дагы аны татыктуу кылып чоңойтуу мына ошол эрдик. Эгер он балаңар тең эч нерседен кем болбой чоңоет деп ишенсеңер, ал үчүн каражатыңар бар болсо мен колдойм. А силерде азыр эч нерсе жок. Кыялдангыла, бирок аракет дагы кылгыла. Баланы кыйнабагыла. Мен мына төрттү төрөдүм. Кандай азап менен чоңойттум. Азыр турмуш андан дагы кыйын. Бардык жер кымбат, баскан турганың эле акча. Биринчисин татыктуу чоңойтуп алып, анан экинчисин ойлонгула. Өзүңөрдү дагы ойлогула. Жаныңарды карч уруп жүрүп турмушуңар өтуп кетпесин, балдарым."

Күйөөм экөөбүз ойлонуп калдык. Чындап эле, азыр менин жумушум жок, күйөөмдүн тапканы буйруса балабыздан ашпайт. Бала темасында ойлонуп иш кылуу керек экен. Балабызды татыктуу кылып тарбиялап, мыкты жерлерде окутуп, чоң инсан кылгыбыз келет. Балабыз эч нерседен кем болбой, эски кийим кийбей чоңойсо дейбиз. Ата-эне болууну биз чечтик, демек биздин чечим үчун балабыз жоопкерчилик албаш керек. Кыйналбай бактылуу балалыкта өсүшү керек. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт