// //

Дүйнөдө жок балам кайын энемдин мага болгон мамилесин өзгөрттү

2022.01.18, 12:39
12287

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Мектептин алдыңкы окуучуларынан элем. 10-класста окуп жүргөндө эле мектепке президент кылып шайлап коюшкан. Албетте бул менден улуу класстын кыздары үчүн намыс болуп, көргөн жерден жөөлөп кетишчү. 

Күз мезгилинде улуу байкем үй-бүлө күттү. Жаңы жеңелүү болдум. Жеңеме дайыма жардам берчүмүн. Кээде эс алып алыңыз деп үй иштердин баарын жасап койчумун. Анан да кийин өзүмө окшош кайын сиңдилүү болсом экен дейт элем. 

Шаардан келсем жеңем төркүнүнө барам деп даярданып калыптыр.

Мен да жеңем менен барып конок болуп келейинчи.

- Кой кызым, шаардан жаңы эле келдиң, ал жактан ала качып кетишет. 

- Ой, койгулачы, азыр 21-кылым. Ала качпайт! 

Жолдошум менен ошол жактан таанышып калдым. Ал мени бир көргөндө эле сүйүп калып, жубай кылып алгысы келиптир. Азыр “ошол учурда сенден бөлөгү көзүмө көрүнбөй калган” деп күлүп калат. Мен да жөн калбай, “сулуулугум көзүңдү сокур кылып койгон го” деп коем. 

Эки балалуу болдук. Кайын энем менен мамилем  жакшы эмес болчу. Кээде кайын энелигин кылып тилдеп коет эле. Көп учурда жүрөгүм ооруп калчу. Жолдошум мага болушуп, апасына туура эмес кылып жатканын айтчу. Бөлүнүп жашайлы десек үйдүн жалгыз уулу. 

Үчүнчү балам 17 күн жашап каза болуп калды. Кош бойлуу кезде сасык тумоологонум зыянын тийгизиптир. Дарыгерлер кийинки баламды пландабай турушумду айтышты. Бирок көп убакыт өтпөй кайра боюмда болуп калды. Ошондо кайын энем: 

- Кудайга шүгүр эки балаң бар. Аларга апа керек. Дарыгерлердин айтканын кыл. Ден соолугуңду ойло балам. 

- Ооба апа, кийин ден-соолугу калыбына келсе дагы балалуу болоорбуз, деп жолдошум сөзгө кошулду. 

Ооруканага барып баламды алдырып, үйгө маанайым суз жөнөдүм. Келсем кайын энем шорпо жасап, үйлөрдү жыйнап, балдарымды ыйлатпай карап олтуруптур. “Шорподон ичип, жылуу жатып эс ал”, деп бөлмөмө киргизип жиберди. Аборттон кийин калыбыма келгиче кайын энем кам көрдү. 

Турмушта ар кандай учурлар болот эмеспи. Кайын энемдин башында кылган жаман мамилелерин жылуу сүйлөп, жакшы мамиле кылганы жууп кетти. Азыр мурдагыдан жакшы мамиледебиз, кеңешип оокат кылабыз. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт