// //

Апам аялым экөөбүздү үйдөн чыгарып салбаганда мындай болбойт болчу

2022.01.13, 13:56
24566

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Өзүмдүн окуямды жазсам мүмкүн башкаларга сабак болор. Анда сөз башынан болсун. 

Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Эжем, эки иним жана жалгыз карындашым бар. Эжем өз турмушун түзүп кеткен. Атабыз биз кичинекей кезде кайтыш болгон. 

Чоңойдук. Мен үй-бүлө курдум. Башында жашообуз бир калыпта болчу. Туруктуу жумушум, айына 15000-20000 сом кирешем бар. Үйдүн улуусу болгон үчүн түйшүктүн баары менин моюнумда. Атамдан калган мал-жанды, материалдык байлыкты туура колдонууга аракетимди жумшачумун. 

Бир күнү иним машинаны сураганда бербей койгом. Ошондон улам тынч уябыздан чыр чыкты. Апам иниме болушуп туруп алды. Ушул эле жетишпей жаткансып эртеси эле жумуштан чыгып калдым. Ага да чөкпөй, аз айлыкка макул болуп, башка ишке кирип алдым. 

Жумуштан келсем, иним менен апам машинаны, малдарды сатып “крутой” машина алабыз деп кеңешип, чечип коюшуптур. Ары айттым, бери айттым ойлорунан кайтпай коюшту. Жиним менен инимди чаап жибердим. Апам болуша:

- Мал, атаңдан калган байлыктын баары иниңдики. 

- Апа, түшүнсөңүз, мага ишенсеңер, мал-жан жок кыйналып калабыз. 

- Жок, биз сүйлөшүп койдук. 

Атамдын, “анын баласы начар чыгыптыр, силер анте көрбөгүлө, башкаларга уят болбой, ынтымактуу болгула”, деген сөзү эсиме түштү.

Чоң атама, эжелериме айтып кеңеш берүүлөрүн өтүндүм. Бирок алардын дагы сөзү өткөн жок. 

Иштен келсем, келинчегимдин маанайы жок. 

- Эмне болду? Тынчылыкпы? 

- Апам бизди бөлүнүп жашагыла дейт. Кайда барабыз? 

Досумдун батиринде бирде ачка, бирде ток болуп жашай баштадык. Тапкан акчам айдан айга араң жетет. Акыры жумушумдан биротоло бошоп калдым. Карызга бата баштадык. Иним менен апам жаңы машина алышты, жашоолору жыргал. Бизге каралашып коелу деген ойлору жок. 

Келинчегим менен кеңешип Россияга кетүүнү чечтик. Балабызды апама багып бериңиз десек, макул болбой койду. Айлабыз жок балдызыма таштап кеттик. 

Азыр кудайга шүгүр, карызыбыз жок, үстүбүздө үйүбүз, алдыбызда машинабыз бар. Бизнес ачып, аны иштете баштадык. Келинчегим абдан түшүнүктүү адам. Башымда кыйынчылык турганда, терс сүйлөбөй, колдоп-коштоп жанымда болгонуна аябай ыраазымын. Мага ушундай жарды туш кылган кудайга миң мертебе шүгүр.

Азыр инимдин үйү, машинасы жадакалса малы жок. Менин жардамымды алгандан, мага тике карап сүйлөгөндөн уялат. Мен аны күнөөлөбөйм, болгону өткөндөн сабак алып, түшүнсө экен дейм. 

Башкаларга айтарым акча колдун кири экенин унутпагыла. Бир туугандар бири-бириңерден байлык талашпагыла. Андан көрө бири-бириңерди көтөрүп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болугула. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт