Той-топурда же майрамдарда көп тамак жеп алып кыйналгандар үчүн кеңеш
Салам достор! Гастроэнтеролог Мамраим Джумабаев майрамдарда көп тамак жеп алып кыйналбаш үчүн эмне кылуу керек экенин айтып берди. Дарыгердин айткандарын угуп, туура тамактанганды билип алыңыз.
- Дасторконго отурганда эле үстүндө эмне болсо, анын баарын жегенге шашпаңыз. Алгач жеңил тамактардан баштаңыз: салат, суюктук ж.б. Майрамдап жатканда убакыт көп болот. Андыктан, бөлүп жегенге үйрөнүңүз.
- Газдалган ширин суусундуктардан алыс болуңуз: Кока Кола, Пепси, Спрайт, Фанта, ж.б.
- Спирт ичимдиктери болуп калса, анда ченеми менен, азыраак ичүүгө аракет кылыңыз. Мүмкүнчүлүк болсо, баш тартып койгонуңуз абдан жакшы болот.
- Эн негизгиси спирт ичимдиктерин бири-бири менен аралаштырбаңыз. Башында бирөөнү тандап, аны аягына чейин ичиңиз.
- Тамакка өтө тоюп алып кыйналып калган абалга чейин барбаш керек.
- Тамак даярдап жатканда улам кызыгып жей бербеңиз. Жакшысы жемиш, жашылча жегенге аракет кылыңыз.
- Көп тамак жеп алып кыйнала баштасаңыз кыймылдаңыз. Эч качан жатып албаңыз. Бийлеңиз, басыңыз. Эч эле болбой жатса, атайын дарылар бар ошону ичиш керек. Бирок бул дарыларды дарыгерден гана жазыдырып алуу керек.
- Эсиңизде болсун, көп тамак жеп туруп үстүнөн спирт ичимдиктерин ичпеңиз.
Майрамдарда тамакка гана эмес, күлкүгө, шаңга көңүл бургула!
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Айымдар бул 5 себептин айынан заарасын кармай албай калат
Климакс тууралуу бул кызыктуу 6 факты ар бир айым билиши керек