// //

Кайын атам болбогондо жаңы жылда абысындар ачка калмакпыз

2022.01.07, 21:43
2927

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Көпчүлүк эле келиндердей эртең мененки сегизден бери ашканада жаңы жылдык дасторкон даярдап жүрдүм. Үйдө бешөөбүз жашайбыз. Кайын энем картошка аарчыды, кичүү кайын сиңдим аларды туурады, мен болсо мантынын камын көрүп камыр жууруп жаткам. 

Кайын энеме туугандардан телефон чалып биздин үй-бүлөнү жаңы жыл тосууга чакырышты. Бизден бөлөк беш үй-бүлө келет экен. Демек, абысындар кайрадан чогулабыз. 

Бат-баттан эки түрлүү салат жасап, мантыны бышырып алып конокко жөнөдүк. Баса, турмушка чыкканымдан бери бул биринчи жолку жаңы жылым. 

Заматта эле ызы-чуу болуп жатып калдык. Үйдө болжол менен 25-30дай адам бар. Бир чыны чайды ичкиче ары жактан бирөө: 

- Келиндер тургула, ишиңерди кылгыла, - деди. 

Чайыбызды чала-була ичип алып, очокту көздөй жөнөдүк. Бирөөсү идиштерди жууй баштады, экөө чай куюп калды, бир жеңем кичинекей баласын эмизип жатат. Мен болсо беш бармакка камыр жууруп баштадым. 

“Келиндер ишиңерди кылгыла” деген сөздү ойлоп алып, келинди “служанкадай” эле эсептешеби эмне? Алардын кыздары дагы башка бирөөнүн үйүнө барып келин болоорун билишсе керек ээ?

Саат кечки 11ге чейин жаныбыз тынган жок. Чай сунуп, идишин жууп, кичинекей балдардын артынан жыйнап. Тамак бышып баары дасторконго олтурушту. 

Абысындар бирибизден-бирибиз өтүп тамак ташып, алгыла, ичкиле болуп жүрүп кыйратып деле тамак жеген жокпуз.

Жаңы жылдык каалоо-тилектерди келиндер үчүн гана айткандай сезилди. “Келиндерге ыйман берсин, жолдошторун сыйласын, балдарына жакшы тарбия берсин, кайын энесине каяша айтпасын, баарына сый мамиле кылсын”, деген сөздөрдү ар бири айткандай болду.

Бир маалда кайын ата: 

- Угуп олтурсам барыңар эле келиндерге асылгандайсыңар. Келинди бүлө кылып алыш өзүңөрдүн колуңарда. Жанатан бери тынч олтуруп чайларын ичишкен жок. Силерге кызматтарын кылып жүрөт. Анан келин мындай болсун, келин тигиндей болсун дейсиңер. Андан көрө балдарыңарга айткыла, келинчектерин сыйласын, сүйсүн, урматтасын. Уктуңарбы балдар!?

- Эми биз деле ошону айталы дегенбиз балдарга,- деди бир кайын эжебиз. 

- Андай болсо биринчи ошону айткыла. Келиндерге асылбагыла. Андан көрө жанагы мен камдап койгондорду алып келчи, деп кайын апабыз жакты карады. 

- Азыр, бат эле...

- Келгиле кыздарым, олтургула. Тамактан алгыла, чайдан ичкиле. Кыздар жеңелериңерге шорпо куйгула. Кана балдар келинчектериңерге орун бергиле. 

Баарыбыз отурдук. Бизге деп камдап койгон белектерин тапшырды. Колго сүйкөгөн крем, калың шарф, байпак анан 500 сомдон бар экен. Көңүлүм көтөрүлө түштү. Белектер үчүн эмес, айткан сөздөрү, бизге кылган мамилеси үчүн. Мындан кийин башкалардын келиндерге болгон мамилелери өзгөрөт деп ойлойм. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт