// //

Колик (ичегиге жел туруу) деген эмне?

2021.12.29, 11:41
4794

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат. 

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Кыскача маалымат

Көп ыйлаган же тынчы жок жана тынчтана албаган ымыркайлардын абалын көбүнчө "колика" деп аташат. Ошол эле учурда көбүнчө колика ичегинин ишмердүүлүгүнүн нерв-булчуң жана гормоналдык жөнгө салынуусунун жетилбегендиги менен шартталган. Баланын ыйлоосу жана тынчы жоктугу ошондой эле олуттуу оорулардын себеби болушу мүмкүн, ошондуктан сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу керек.

Колика деген эмне?

Колика - бул үзгүлтүксүз жана узак убакытка созулган ымыркайдын ыйлоосу же чыргоолонушу, айдан ачык себеби жок эле келип чыгат, ымыркайга кам көрүү менен бөгөт коюлбайт жана жеңилдебейт. Колика балаңыз бир нече күндүк же бир нече жумалык болгондо эле башталышы жана 5 айына чейин уланышы мүмкүн. Ичегиге жел турууда баланын боюнун жана өнүгүүсүндө бузулуулар, калчылдоо же оорунун башка белгилери болбойт.

Эгер балаңызда колик болсо, ал тамактандырууда тынчсызданат жана чыргоолонот. Мисалы, аны тамактандыргандан кийин көп өтпөй эле, ал кайрадан ачка болгондой көрүнүшү мүмкүн. Же балаңыз көбүнчө эмчек эмгенде же бөтөлкөдөн тамактанганда тынчы кетип жатып жакшы тамактанбай калышы мүмкүн.

Балаңыздын узак убакытка чейин тынчтанбаганын же кыңкыстаганын  байкайсыз, бирок ал катуу ыйлашы дагы мүмкүн. Ыйлаган учурда балаңыз ооруп жаткандай буттарын өйдө көтөрүшү мүмкүн. Балаңыз ушул абалда турганда аны тынчтандыруу же сооротуу өтө кыйын, ал тургай мүмкүн эмес. Сиз жасаган аракеттер эч кандай мааниге ээ эместей сезилет.

Ыйлоо жана чыргоолонуу бир нече саатка созулушу мүмкүн, кечинде андан да жаман болот.

Бул сизге жана көп учурда кам көрүүнү ишке ашырып жаткан адамдар, дарыгер жана медайымдар үчүн жагымсыз болушу мүмкүн. Бирок балаңыз ыйлап, тынчы кетип жатса бул сиздин жаман ата-эне экениңизди билдирбейт. Эң ишенимдүү жана сабырдуу ата-энелердин да ымыркайлары көп ыйлашы мүмкүн.

Ыйлоо жана тынчсыздануу: эмнени күтсө болот

Ыйлоо жана тынчсыздануу ымыркайлар үчүн кадимки көрүнүш. Орто эсеп менен алганда балдар күнүнө үч сааттан ыйлашат жана тынчсызданышат, ал эми айрымдары андан узагыраак болот. Ыйлоо болжол менен алты жумалык мезгилде эң жогорку чекке жетет, андан кийин бала чоңойгон сайын бара-бара азаят.

Ыйлоо жана тынчсыздануу көпчүлүк учурда түштөн кийин жана кечинде байкалат, бирок бул күн сайын өзгөрүп турушу мүмкүн.

Ымыркайлар өзүнүн темпераменти, уйку цикли жана тамактандыруу режиминен улам ыйлашат. Ымыркайлар чоңойгон сайын алар сиз менен сүйлөшүүдөн улам же айланасындагы кайсы бир нерсеге байланыштуу көбүрөөк ыйлайт. Мындан улам, бул нерсе бир күн кечке болушу мүмкүн.

Балаңыздын ыйлаганына тынчсызданууңуз табигый нерсе. Көпчүлүк ымыркайлар 3-4 айга толгондо азыраак ыйлай тургандыгын билүү пайдалуу. Бул жакын арада өтүп кетүүчү баскыч.

Коликанын себептери

Коликанын өнүгүү себептерин негизги эки топко бөлүүгө болот: энеге байланыштуу жана балага байланыштуу.

Биринчи топко таандык:

  • оордошкон акушердик таржымал: кош бойлуулуктун, төрөттүн патологиялык агымы, жатын ичиндеги өнүгүүнүн кечигиши, БНС перинаталдык жабыркоосу ж.б.
  • аялдын психоэмоционалдык абалы: кооптонуу, кыжырлануу, ашыкча дүүлүгүү, төрөттөн кийинки депрессия;
  • үй-бүлөдөгү стресстик абал;
  • бала эмизген эненин диетасындагы катачылыктар;
  • эмизүүдөгү бузулуулар: эмизүү техникасынын бузулушу, ашыкча тамактандыруу, аралашмаларды туура эмес даярдоо, кошумча тамактарды киргизүү мөөнөттөрү жана түрлөрү боюнча бузулуулар

Баланын абалына байланышкан себептерге төмөндөгүлөр таандык:

  • бөбөктүн тамак сиңирүү тутумунун жетилбегендиги
  • нерв системасынын жетилбегендиги. Нерв системасы бардык жашоо процесстерин жөнгө салат. Баланын БНС жаңы гана калыптанып келе жаткандыктан организм белгилүү продуктуларды кайра иштеп чыгууга импульстарды албайт.

Балким, сизге колика менен жапа чеккен көпчүлүк ымыркайларда алардын ыйлоосу үчүн айдан ачык физикалык же медициналык себептер жоктугун билүү пайдалуу болушу мүмкүн.

Тынчтандыруучу стратегиялар төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:

  • Ымыркайды унаада же балдар арабасы менен сейилдөөгө алып чыгуу
  • Бала менен сейилдөө же аны терметүү
  • Балаңызга жылуу ванна жасоо
  • Баланын аркасын сүргүлөө үчүн көмкөрөсүнөн жаткыруу
  • Жүрөктүн кагышындай үндү же акырын чыккан тынчтандыруучу үндөрдү чыгаруу

Ымыркайлардын коликасын дарылоо комплекстүү жана ырааттуу болууга тийиш.

Биринчи кадам – эне жана балага психологиялык ыңгайлуулук түзүү.

Экинчиси — эгерде бала эне сүтү менен багылып жатса эненин тамак-аш рационун түзөтүү жана туура эмизүү техникасын камсыз кылуу.

Эне сүтү менен багууда лактацияны сактап калууга багытталган кырдаал түзүү зарыл. Эненин тамак-ашынан ичегиде газдын пайда болушуна өбөлгө түзүүчү жана экстрактивдүү заттарга бай азыктарды алып салуу керек – булар нак сүт, сүт кошулуп жасалган токочтор, буурчак өсүмдүктөрү, эт жана балык шорполору, пияз, маринаддалган, туздалган азыктар. Аллергиялык реакцияларды пайда кылуучу азыктарды чыгарып салуу керек.

Туура эмизүү техникасын камсыздоо үчүн кырдаал түзүү керек – бала үрптү оозуна туура салышы үчүн эне аны туура кармоого тийиш.

Жасалма тамактандырууда белоктун жарым-жартылай гидролизинин негизинде даярдалган, лактозасы төмөн, олигосахариддерге, пробиотиктерге бай келген сүт аралашмаларын пайдалануу керек.

 Ата-эненин өзүнө кам көрүүсү

Коликасы бар ымыркайга кам көрүү тажрыйбалуу ата-энелерди да чарчатышы мүмкүн. Төмөндөгү бир нече жөнөкөй кадамдар өзүңүзгө кам көрүүгө жардам берет:

  • Жубайыңыз, үй-бүлө мүчөлөрү менен кезектешип караңыз.
  • Өзүңүздү күнөөлөбөңүз жана бул нерсе убактылуу экендиги эсиңизде болсун. Колика эпизоддору көбүнчө 3 айдан 4 айга чейин жакшырат.
  • Зарылчылык болсо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир айлык баланын ден соолугун текшертүүдө буларды билүү керек

Балаңызды тарбиялоого жардам берген Bebbo тиркемеси жөнүндө

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт