Балаңызды тарбиялоого жардам берген Bebbo тиркемеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесин сунуштады. Эң ыңгайлуусу, Bebbo кыргыз жана орус тилдеринде.
Тиркеме жөнүндө
Тиркеме ата-энелерге төмөндөгү темалар боюнча эксперттердин кеңешин сунуштайт: балдардын ден соолугу, өнүгүүсү, тамактануусу. Андан тышкары, эмчек эмизүү, баланы эрте куракта өнүктүрүү, оюндун маанилүүлүгү, баланы коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча дагы маалыматтар берилет.
Ошондой эле, ата-энелер тиркеме аркылуу балдарынын эмдөөлөрүн, медициналык текшерүүлөрүн жана башка өнүгүү этаптарынын көзөмөлдөй алат. Bebbo 0-6 жаштагы балдардын ата-энелери үчүн ылайыктуу.
Bebbo - балаңызга байланыштуу бардык нерселер үчүн сиздин жеке өнөктөшүңүз
Bebbo - балаңыз төрөлгөндөн баштап мектепке барганга чейинки бардык нерсеге байланыштуу өнөктөшүңүз. Тиркемеден балаңыз төрөлгөндөн баштап 6 жашка чыкканга чейинки мөөнөт аралыгында керек болчу бардык куралдарды жана эксперттик кеңештерди таба аласыз.
Тиркемени өзүңүзгө ыңгайлаштырып тууралап алсаңыз болот: күнүмдүк оюндар, балага кам көрүү боюнча кеңештер жана бала багуудагы стрессти кантип азайтуу дегендей. Бир нече балаңыз болсо, ар бирөөнүн жашына жана муктаждыктарына ылайыктап өзүнө профил ачып койсоңуз дагы болот. Тиркеме ошого жараша кеңеш берет.
Bebbo аркылуу төмөндөгүлөрдү алаласыз:
- Балаңыздын өнүгүүсүнүн ар бир баскычы үчүн видеоматериалдар;
- Таанып-билүүнү, тилди, кыймыл-аракетти, социалдык-эмоционалдык көндүмдөрдү камтыган оюндар;
- Эрте билим берүү, ден соолук, тамактануу, кам көрүү жана коопсуздук боюнча эксперттик кеңештер жана макалалар;
- Баланын жашына жана өнүгүүсүнө жараша жүздөгөн сабактардын жана макалалардын арасынан керектүүсүн издөө мүмкүнчүлүгү;
- Жаккан материалдарды сактоо жана бөлүшүү мүмкүнчүлүгү.
Bebbo сизге интерактивдүү куралдар топтомун сунуштай алат:
- өнүктүрүү этап трекери;
- баланын өсүү трекери;
- эмдөө трекери;
- медициналык текшерүүлөрдүн трекери.
Тиркеме интернетке кирүү чектелген шартта, башкача айтканда, оффлайн режиминде дагы иштей алат. Тиркеме акысыз, улам чыгып тажата берген жарнамасыз, сүйүктүү адамыңыз менен бирге колдонсоңуз болот.
Кантип жүктөсө болот?
- Bebbo тиркемесин Play Market же App Store дүкөнүнөн жүктөп алыңыз.
- Өлкөнү, тилди тандаңыз.
- Шарттарды окуп, кабыл алыңыз.
- Балаңыздын маалыматтарын (жашы, жынысы ж.б.) толтуруңуз. Ошондо балаңыздын өнүгүүсүнө жараша маалымат автоматтык түрдө чыгат.