// //

Келинимдин сөзүн укпай коюп уят болгонум эсимден кетпейт

2021.12.10, 15:41
13578

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Келиним менен кеңешип иш кылгандан бери жашоом оңолду. Мурда курбуларымдын "кайын эне кандай болорун көргөз" деген сөзүнө кирип, кыйынсына берчүмүн. Азыр өзүмдү гана угам. Башкаларга зыян кылбайм. Бирок, башында менден өткөн желмогуз жок эле. 

Эч качан бирөөгө жамандык кылбагыла. Эртеби-кечпи өзүңөргө кайтып келет. Мен муну элдин алдында уят болгонумда билдим. Келиним гана мени жалооруп карап турду. 

"Мен гана чечем!" Бир үйдү башкаргым келди. А чынында башкарбай эле, уят болуп жүргөнүмдү билдим. Баары мага теңелбейин деп эле макул деп коюшчу экен. Бир гана жаңы келген келиним мен үчүн тызылдап жүрүптүр.

- Апа, ал жоолукту алып барбаңыз, баягыда алып келишкен. Кайра өзүнө алып барып берсеңиз, уят болосуз.

- Ай, мен билемби же сенби? Муну эмес, башка жоолукту алып келген. Ушуну эле берем.

- Апа, алып барбаңыз, уят болосуз. Мени уксаңыз.

- Башка жоолук болчу. 

Кошуна аялдын апасы каза болгон. Ошого куран окутканы бара жатканбыз. Келиним тызылдап жатты. Аны укпай чыгып кеттим. 

Кийитин кийгизип, жоолугун колуна карматтым. Колундагы жоолукту карап турду дагы, ары ыргытып койду. "Апам каза болду, мен берген эмес, башка эле жоолук алып келсең болмок." Кошунам бурк этти. Элдин баары мени карап туруп калды. Сыртка кантип чыкканымды билбейм.

Келиним гана жаныма келип "жүрүңүз" деди.

Билбейм, ошол окуядан бери башкачамын. Күйөөм, балдарым баары мага кабатыр. Мурда башкарып сүйлөгөндө мени эч ким укпайт эле. Азыр ойлуу отуруп калгандан бери өздөрү келип кеңеш сурай башташты. Өзүңөр билгениңерди жасагыла деп койсом, таңкалышат. Тажадым. Мен жөн гана жашагым келди.

Келиниме жакын болуп кеттим. Аны менен кобурашам. Бир нерсе болсо кеңеш сурайм. Кыскасы, аны менен кызыктуу болуп калды. Экөөбүз бири-бирибизге акыл үйрөтпөйбүз. Жөн гана отуруп алып кеңешебиз. Курбуларымдын сөзүн мээмден чыгарып салдым. Мен келиниме ишенгим келди. 

Азыр дүкөндөн келе жатам. Алдыман баягы кошунам чыкты. Кечирим сурадым. Ал дагы катуу кеткенин, элдин көзүнчө эмес, кийин эле айтса болмок экенин айтты. Экөөбүз бир жерге барып тамактандык. Келинимди мактады. Жымыңдап сүйүндүм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Алтындай болгон келинибизди кетирген экенбиз деп өкүндүм

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт