// //

Байкем бекитип жүргөн жигитим менен келатканын көрүп тердеп чыктым

2021.12.06, 14:19
2711

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Билбейм эмнеге, бирок жигитим тууралуу байкеме айткым келбейт. Экөөбүздүн ортобуз үч жаш болгондуктан, теңтуштай болуп эле өстүк. Далай ирет мушташтык. Апам менен атам башында бөлүштүрүп, андай кылса болбой турганын айтчу. Кийин жөн эле карап, чай ичип отура беришчү болду.

Элдин балдары мектептен мушташып бети-башын көгөртүп келсе, экөөбүз үйдөн мушташып мектепке бети-башыбыз тытылып барат элек. Мугалим эжейибиз апам менен атамдан көрүп, аларды көп жолу чакыртты. Атам менен апамдын сабырына таң берем, анда дагы экөөбүзгө бир катуу сөз айтышпады. 

Мектептен мага балдар тийишип калса, аны байкем билсе аягы жаман болот эле. Андыктан, эч ким мага сөз айта алчу эмес. Бир жагынан жакшы, бирок бир жагынан жаңы жылдык кечелерде мен деле вальска түшкүм келет эле. Кечеге жасанып барсам эле, байкем үйгө кууп жиберчү. 

Байкем сымбаттуу жигит. Курбуларым үйгө келе беришет. Бир жолу тааныштыр деп чыгышты. Ошондо байкеме кыз таап берсем, мага унчукпай калат деген ой менен бөлмөсүнө бардым. "Сени Айжан жакшы көрүп калыптыр" дедим. Байкем "сабагын окусун" деп мени кууп чыкты. План ишке ашпай калды. 

Мага сөз айткан жигиттерди шылдыңдай берчү. "Өзүнө окшоп тийишкендерин кара" деп күлөт. Мен ыза болом. 

Шаарга окууга кетип баратканда байкем мени аябай жакшы көрөрүн билдим. Узатканы чыкпай койду. Терезеден пардага жашынып карап турганын көрдүм. Апам "ыйлап жатат" деди. Кол булгап таксиге отуруп кетип калдым.

Азамат менен экинчи курсумда тааныштым. Өжөр, акылдуу, келишимдүү жигит. Апам менен атам билет. Байкеме айтпай тургула деп койгом. Айылга үйгө барган сайын байкеме айтайын дейм, бирок батына албайм. Бир жолу жигитим барбы деп сураганда, жок деп койгом. Жигитим дагы "үй-бүлөң менен качан тааныштырасың" деп тажатты. 

Кышкы каникул. Айылга келгем. Зериккенимден алма жеп көчөгө чыктым. Көргөн көзүмө ишене албай алмама какап кетейин дедим. Жигитим менен байкем бир нерсе көтөрүп, каткырып күлүп сүйлөшүп келатышат. Үйгө качып кирип кеттим. Байкем тереземди такылдатып, "бирөөнүн жигитин таап алдым" деп күлдү. Уялып сыртка чыкпайм.

Апам менен атам жигитимди үйгө алып кирип, заматта дасторкон даярдай коюшту. Мен бөлмөмдө отурам. Анын ачуум менен чыгып, "эмне келдиң" деп жигитиме атырылдым. Баары күлүп жиберишти. Ошентип байкем жигитим бар экенин билди.

Конокто кечинде узатып келатабыз. Байкем мени кучактай өзүнө тартып, "сонун жигит экен, уялбай эле кой, биз эми мурдагыдай жаш бала эмеспиз, бир нерсе болсо мага айт, уктуңбу" деп мурдумду чымчып койду. Ошондо биз бой жеткенибизди билдим. Аркамда байкем бар экенин билдим. 

Кечинде жигитим жазды. "Кечирип кой, сага болгон мамилем олуттуу экенин көрсөткүм келди, ата-энең менен таанышуудан баштайын дедим" деди. Күлгөн смайлик жөнөтүп койдум. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Алтындай болгон келинибизди кетирген экенбиз деп өкүндүм

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт