Аялым мени же баламы эмес, бул кишини көбүрөөк жакшы көрөрүн айтып таңкалтырды
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Аялымды биринчи жолу таенем менен тааныштыргам. Ыраматылык таенем ошондо "бул кызды алсаң же өсөсүң же анын деңгээлине жете албай артка кетесиң" деген. Калп айтпайм, артка кетпейм дедим дагы үйлөнүү сунушун киргиздим.
Сүйөм. Мен анын жанында жаш баладай болуп өзүмдү жоготуп коем. Калп эле күлө берем. Ал үчүн көп нерсени үйрөндүм. Биринчи кезекте сөзүмө турганды.
Эсимде, бир жолу киного чакырдым. Жаңы таанышкан кезибиз. Анан ал күнү бошой албай барбай калдым. Чалып эскертип койбодум. Эртеси чалсам, "сөзүнө тура албаган жигиттер менен жүрбөйм" деп телефонду басып койду. Экинчи ирет кайталанбасын айтып, артынан канча чуркадым.
Мага аялымды карап жаткан жагат. Ал менден биринчи туруп кийинип, ары-бери басып жүрө берет. Мага ошол сапаты жагат. Тиктеп, айткандарын угуп жата берем.
Балалуу болгондон бери бактыма бакыт кошулду. Бактымды жоготуп алуудан корком. Жакшы адам болгум келет. Жакшы күйөө болгум келет. Жакшы ата болгум келет.
Жумуштан эрте келгем. Балам экөө сүйлөшүп мультфильм көрүп отурушуптур. Мени байкашкан жок. Акырын тыңшадым.
- Апа, атамды жакшы көрөсүзбү.
- Жакшы көрөм.
- Меничи?
- Сени дагы жакшы көрөм.
- Эң биринчи кимди жакшы көрөсүз.
- Өзүмдү.
Таң калып туруп калдым. Балам дагы бултуя түштү. Аялым аны өзүнө тартты.
- Балам, адам биринчи кезекте өзүн сүйүш керек. Өзүн сүйбөгөн, сыйлабаган адамды башка бирөө сүйбөйт, сыйлабайт. Эч качан өзүңдү экинчи планга койбо. Мына мен биринчи өзүмдү жакшы көрөм. Ошон үчүн атаң мененн сени катуу сүйөм.
Аялымдан көп нерсени үйрөндүм, дале үйрөнүп келе жатам. Мен бул нерсени айткандан уялбайм. Ооба, мени таканын алдында калдын деген досортум жок эмес. Бирок, биз экөөбүз бири-бирибизди башкарып эмес, түшүнүп жашап келебиз. Бул мен үчүн чоң жетишкендик.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Алтындай болгон келинибизди кетирген экенбиз деп өкүндүм
Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим
Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны
Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым