Кудалар айдап келген машинаны көрүп атам ыйлап жиберди
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Жашоонун баары эле "скучно" болуп кетти. Кайда карабагын кара кийим кийген адамдар, ушактар, кейигендер, ачуулангандар, айтор, күлүп жүргөндөр аз. Силердин маанайды көтөргүм келди. Ошон үчүн биздин үй-бөлүнүн башынан өткөн бир окуяны айтып берем.
Ал убакта атам экөөбүз элдин малын багып иштейт элек. Анан бир балээ болуп, кыскасы бир адамга карыз болуп калдык. Акча жок. Атам байкуш чоң атамдан калган машинаны сатууну чечти. Жууп тазалады, эки жума ойлонду, акыры базарга айдап жөнөдү.
"Сатып келдим." Үйгө капалуу кирип келди. Эки-үч күн тамак ичпеди. Акыры тагдырына багынды окшойт, карыздардан кутулуп, экинчи мал бакпайбыз деп чечти.
Атам эми өзүнө келе баштаганда эжем турмушка чыгарын айтты. Мен сүйүндум, анткени бөлмөсү мага калат. Атам кайра баягы абалына түштү. Жалгыз кызы таштап кетерин айтып дагы сүйлөбөй калды. Жаман болуп жүрдү. Тойго камылга башталды.
Атам бизди бир дагы жолу урушкан эмес. Мени кичинемден "уулум эмес", "козум" деп чакырат. Чоңойгон сайын достордон уялат экенсиң. Бирок, баламын да, ичимен сүйүнөм. Эжемди "жашоом" дейт. Эмнеге экенин деле билбейм.
Кудалар келатат деген кабар келди. Кыз узатуу үйдөн болуп жаткан. Анан көчөгө чыктык. Төрт машинанын алдында баягы чоң атамдын машинасы келатат. Ичинде жездем отурат. Атам ыйлап жиберди.
Көрсө ал күнү жездем базарга машина алганы барыптыр. Атамды алыстан көрүп эле тааныптыр, бирок жанына баргандан уялып, досун жөнөтүп, машинага деген акчасына атамдын машинасын алыптыр. Анткени эжемден атам машина сатып жатканын уккан экен. Кыскасы, жездем калыңдын үстүнө кайра машина кошуп берди.
Кайгырып жүргөн атам ал күнү аябай сүйүнүп жүрдү. Эжемди дагы ыйлабай узатты. Кечинде баш куйкалап жатып "ата, эжем кетерине жаман болуп жатпадыңыз беле, эмнеге кайра сүйүндүңүз" дедим. "Козум, жашсың да, мен эжең жакшы адамга турмушка чыкканын билип сүйүндүм, машинага эмес" деди.
Кыскасы, атам күтүүсүз жерден кайра машинасын кайтарды. Аны кийин мага берерин айтты. Мен аны айдабайм, бирок сатпайм.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Алтындай болгон келинибизди кетирген экенбиз деп өкүндүм
Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим
Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны
Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым