// //

Кайын энеме "дагы кыз төрөйт экем" деп айтып алып өкүндүм

2021.11.30, 12:51
5299

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- “Таак”, азыр ким экенин билебиз. Карасаң көрсөтпөй жатканын.

- Батыраак эже, ким экен!

 

- Азыр, азыр ...

- ...

- Куттуктайм, кыздуу болосуңар!

- Эмне? Жакшылап карасаңыз. Балким жаңылып жатасыз? “Точно” кыз бекен.

- Жаңылбай-этпей эле.

Уул күтүп жүргөн үмүтүм үзүлдү. УЗИден чыгып алып ыйладым. Кезекте турган келиндер таң калышты. Күйөөм чалды. “Дагы кыз экен”,- деп телефонду басып койдум. Үйгө жөнөдүм. Босогодон аттаар замат ойноп жүргөн кыздарыма атырылдым. “Үйдүн кебетеси кантет? Оюнчуктарыңарды жыйнагыла!” Сүйлөнүп кийимдерин которуп, тамагын бердим.

Жолдошум келди. “Эмне эле болуп жатасың? Ичиңдеги баланы ойлосоң боло?” деди. Андан дагы ачуумду чыгардым. Шайым кеткенде, “кыздарды кара”,- деп бөлмөмө кирип кеттим. 

Үч кызым бар. Улуусу төртүнчү класс болуп калды. Кичүүсү эки жашта. Эркек төрөп алайын дегем. Ойлогон оюм ордунан чыкпай калды. “Дагы кыз!”. Башымда ушул сөздөн башка эч нерсе жок. Тагдырыма таарынып жатып алдым.  

“Садагаң болоюндар!” Кайын энемдин үнүбү? Же уйкусурап жатамбы? Көзүмдү ушалап зорго ачтым. Сыртка чыксам кайын энем кыздарымды ойнотуп отурат.

- Келиңиз апа.

- Биз минтип келип калдык.

- Азыр чай коеюн.

- Рахмат курсагым ток.

- Коюңуз, чай ичели.

- Келчи сүйлөшөлү.

Көз жашымды көлдөтүп УЗИге барганымды, дагы кыз төрөй турпганымды айттым. Күйөөмөн, кыздарыман ачуумду чыгарганымды жашырган жокмун. Кайын энем сөзүмдү бөлбөй унчукпай угуп отурду.

“Ай балам ай, жашсың да. Кыз деген кандай чоң бакыт экенин түшүнбөйсүң. Карыганда сени ушул төрт кызың жыргатат. Билесиң, мен үч эркек баланын, бир кыздын энесимин. Кана тапчы, ким күн сайын чалып акыбалымды сурайт? Ким бейтапканага алып барып, ден соолугуман кабатыр болуп турат? Ким байпагым жыртылып калганын билип, жаңысын сатып берет? Ким жуунтуп-тарантат? Жалгыз кызым. Андан башка эч кимге керегим жок. Үч уулум эстегенде эле энесин сурайт. Жакын турса дагы үйгө келип койгонго жарашпайт. Төртүнчү ирет кыздуу болгону турасың. Бул деген чоң бакыт! Жерибей, тобо кыл!”

Кайын энем менен сүйлөшкөндөн кийин көзүм ачылды. Айткандарын угуп акылыма келип, эсимди жыйдым. Рахмат айттым. Чындап эле, мен эмне эле болуп жатам? Кыздарымдан өткөн камкор киши жок, “апалап” жаныман чыгышпайт. Ичимдеги баламдан, кыздарымдан, күйөөмдөн кечирим сурадым. Чай кайнады. Чогуу отуруп алып кайын энем көтөрө келген конфет менен чай ичтик.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт