// //

Абысынымдын мен жөнүндө айткан сөздөрүн угуп ыйлап жибердим

2021.10.27, 15:49
31335

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Чынын айтканда башында жактырган эмесмин. Бир иш кылып жатсам, артыман келе калып акылын айтып калчу. Кайын энем жокто, мага кайын энедей эле болчу. Анда жаш экенмин, жан тартып жатканын кайдан билдим. Жаман көрүп коер элем.

Кийин күйөөсү экөө Россияга иштегени кетишти. Кез-кезде келип турчу эле, кадимкидей бир нерсе жетишпей калды. А мени көр турмуш өзүнө алып кирип кетти. 

Күйөөм жумуш деп коюп кол кабыш кылбайт. Кайын энем күндө кыялын көрсөтөт. Бир нерсе кылсам жактырбайт. Ооруса балдарымды таштап коюп түнү менен карап чыгам. Анда дагы жактырбайт. Эки кызы бар, алары келип дагы койбойт. Кайын энемди карайм, балдарым кичине аларды карайм, кайра үй жумуштары... Чарчап, жүдөп, депрессия боло баштадым. Себепсиз ыйлайм, күйөөмөн дагы көңүлүм кала баштады. 

Күйөөм болсо келери-кеч жумушта. Үйгө келип балдары менен бир аз ойнойт, анан уктайт. Ал келери менен кайын энем мени жамандайт. Анан экөөбүз урушабыз. Кыскасы, жашообуз тозоктун эле өзү. Баарына макул болуп, өзүм жол берип койгонумду билем. Бирок, менде жашоону өзгөртүүгө күч калбады. 

Абысыным быйыл кайтып келди. Үйгө жаркылдап күлүп кирип келсе, таң калып туруп калдым. Мени көрүп боору ооруду. Кайын энем ага унчуга албайт. Эч нерсе болбогондой тосуп алды. 

Катуу уруш чыкты. Кайын энем мени жамандап кирди. Баарыбыз үйдө элек. Ошондо абысыным мындай деди.

"Апа (кайын энеме), мен сиз менен он жыл жашагам. Сизди беш колдой билем. Сизге эч нерсе жакпайт. Колуңуздагы алтынды барктай албайсыз. Жаныңызда ушул келиниңизден башка ким бар? Кириңизди жууп, тамагаңызды берип, оорусаңыз дарылатып ушул келиниңиз гана жүрөт. Кыздарыңыз же уулдарыңыз кылып жатабы? Бир басып келгенин көрбөдүм. Баркына жетип алгандын ордуна экөөнү кайраштырып келесиз. Бул бир күнү болбосо, бир күнү кетет. Ошондо жалгыз каласыз, көрөм ким келерин. Калп эле жамандаганыңызды токтотуп, баркына жетпейсизби. Байкуш өзүнүн жашоосун таштап силер менен жүрөт. Жаным (мага карап), кетип эле кал. Апабызды кыздары багат. Бүт баарын ушул кичинекей келин кылат. Сиз болсо рахмат айтып, батаңызды берип олтургандын ордуна минтип уруш чыгарасыз." 

Ыйлап жибердим. Абысыным баарын байкап жүргөн тура. Келип мени кучактады. "Өзүң жол бергенсиң. Болду тарт мурдуңду. Балдарың деле чоңойду. Аларды бала бакчага берип иште. Билимиң бар. Жакшылык кылганыңды билбесе, "зачем" жалынасың."

Ишенесиңерби, кайын энем ошол күндөн бери өзгөрдү. Өзү жумуш кылып, неберелерин карап, унчукпай калды. Мен жумуш издеп отурганымды көрүп, "мен анда тамак жасай берейин э" деп калат. 

Жумушка кирдим. Балдарды бала бакчага берели десем, кайын энем "эрмегим болсун" деп өзү карай турганын айтты. Азыр таптакыр башка адам. Мунун баарына абысынымдын сөздөрү таасир берди. Ошол сөздөрдү айткан абысыныма, кайра ал сөздөрдү туура түшүнгөн, тыянак чыгарган кайын энеме рахмат. 

Өзүмдү биринчи орунга койгонду үйрөнө баштадым. Көрсө абысыным мага жакшылык гана каалачу экен. Мен жаңы келгенде аны туура эмес түшүнүпмүн. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт