// //

Эгер сизде бул белгилер болсо, анда стресске чалдыккан болушуңуз мүмкүн

2021.10.07, 13:32
4451

Стресс деген эмне? Анын белгилери кандай? Стресстин адамга эмне кереги бар? Бул суроолорго психолог Мария Самсонова жооп берди.

Стресс – бул нервтин жана психиканын чыңалып турган учуру, адатта организмге кандайдыр бир коркунуч туулуп жатканда пайда болот. Стресстин таасири менен адамдын денесинде бир катар өзгөрүүлөр жүрөт. Маселен жүрөгүнүн согушунда, кан айлануусунда, булчундардын тонусунда, тер бөлүнүп чыгууда, мээ структураларынын активдүүлүгүндө.

Негизинен стресс – бул адамдын ресурстарын тегиз бөлүштүрүп, адаптациялаган функциясы. Стресс абалында адам укмуш күчтүү болуп, узак жол басып же коркконунан абдан тез чуркагандыгы тууралуу көп эле уксаңар керек. Мындайда адам бардык ресурстарын бир чогултуп, коркунучтан коргонуу максатында колдонот.

Стресс үч этап менен өтөт:

  1. Кооптонуу (организм ресурстарын чогултат);
  2. Каршылык көрсөтүү (активдүү аракет учуру);
  3. Алсыздануу (организм кайра калыбына келүү үчун ку кубат топтойт).

Демек, стресс – бул зыян эмес, тетирисинче, биздин организм үчүн абдан пайдалуу функция!

Бул нерсе көйгөйгө айланат качан гана адам стресс жараткан фактордон, кырдаалдан-стрессордон кутула албаган учурда.

Мисалы, адам ар дайым кооптонуп, коркуп, тынчы кетсе, анын мээсинде миңдеген ойлор өтөт. Ал жакын арада жаман нерсе болуп кетүүдөн коркот, бирок ошону ар дайым элестете берет:

  • Экзамен тапшыра албай калсам кантем?
  • Жолдо баратып авария болсокчу?
  • Күйөөм мени таштап кетсечи? – ж.б.

Биздин организм бул оюбуздан жаралган фантазиябы же чындап коркунуч жаралып жатабы айырмалабайт. Ал ар дайым кооптонууга стресс түрүндө реакция жасайт.

Ошону менен адам дистресс абалына түшөт, башкача айтканда, өнөкөт стресс. Бул биздин организм, ден соолук үчүн өтө кооптуу. Дистресстен чыгуу үчүн психологдун же психиатрдын жардамы керек.

Дистресстин белгилери:

  • ар дайым кооптонуу;
  • уйку качуу же тетирисинче ар дайым уйкуга тартуу;
  • тамакка бологон табиттин жоголушу же ого бетер күчөшү;
  • чочуй берүү, кыжырдануу;
  • маанайдын себепсиз, тез-тез өзгөрүшү;
  • агрессивдүү болуу, негизсиз конфликтке баруу;
  • эс тутумдун начарлашы;
  • көңүлдү бир жерге чогулта албагандык;
  • мурункудай эмгектене албагандык;
  • булчуңдардын карышып калуусу
  • соматикалык бузулуулар (баш оору, жүрөк айлануу, ич өтүү, ашыкча тердөө, тахикардия, колу-буттун калчылдашы).

Эгер өзүңүздө дистресстин бир нече белгилерин байкасаңыз, сөзсүз тиешелүү адиске кайрылыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?

Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт