// //

Түндө ойгонуп жанымда жаткан күйөөмдү сүйбөй калганымды билдим

2021.09.24, 18:07
7795

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Эмнегедир экөөбүздүн жаш кезибизди элестете албайм. Башынан эле үч баласы, бүтпөгөн жумушу жана көйгөйү бар сыяктуубуз. Тытынып эле жүрөбүз. Күндөрдүн баары коендой окшош. Ал такси айдайт, мен базарга чыгып соода кылам.

“Эми кайдан!” Жаңы бир нерсени үйрөнгөндөн коркобуз. Жашыбыз өткөнүн айтып, өзүбүзгө-өзүбүз чекит коюп койгонбуз. Кокус көчөдөн кол кармашып бараткан улгайган жубайларды көрсөк, “уялышпайбы” деп баш чайкайбыз.

Өзүбүздөн тапкан акчабызды аяйбыз.

Акыркы ирет качан кучакташып жатканыбыз эсимде жок. Тамак ичебиз. Телевизор көрөбүз, телефон чукулайбыз. Ал машинасын оңдойт. Мен кирлеримди жууйм. Бул аралыкта бир сыйра урушабыз. Артты карап уктап калабыз.

Мен мындай жашоодон тажай баштадым. Түндө жатып алып эч нерседен коркпогон жаштыгымдагы сагынып ыйлайм. Эртең менен көзүм кызарып шишип турам. Күйөөм көрүп туруп, унчукпай басып кетет.

Күзгүгө карангым келбейт. Өзүмдөн уялам.

Базарда кир жуучу каражаттарды сатып иштейм. Бир күнү сулуучумак бир айым келди. Соода кылып бүткүчө, сөздөн-сөз чыгып сүйлөшүп кеттик. Менден жети жаш улуу экенин билип жаман болдум. Жапжаш, көздөрүнөн нур чачырап турат. Жакында эле саякаттан келиптир.

“Өзүмдү “баловать” эткен жагат. Ар дайым жеке кызыкчылыктарымды биринчи орунга коем. Себеби каза болуп жатканда эч нерсеге өкүнгүм келбейт. Элдин пикири менен ишим жок. “Зато” бактылуумун. Сага бир нерсе айткым келип жатат: эч качан бир нерсеге байланба! Байландыңбы, болду капканга түштүң. Жашоо кызык, болгону коркпо. Даттанба, тур, жаса!”

Түндө көзүмдү ачтым. Жанымда күйөөм коңурук тартып уктап жатат. Көпкө чейин аны карап, “Сүйөмбү?” деген суроого жооп издедим.

Бири-бирибизди жек көрөбүз, ар дайым урушуп-талашабыз. Жадакалса, акыркы ирет качан жыныстык катнашта болгонбуз эсибизде жок. Баары мурдагыдай болушун каалайбыз, бирок эч качан андай болборун билебиз. Өзгөрүүдөн, он сегиз жыл курган нерселерди кыйратып алуудан коркуп, кыйналсак дагы чогуу жашап келебиз. Жок, мындай болбойт, экөөбүз тең бактылуу болууга татыктуубуз. Өзгөрүүгө, балким бөлүнүүгө убак келди.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм менен 20 жыл жашагандан кийин мага эмне жетишпей жатканын билдим

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт