// //

Кайын энемдин бир сөзү Россияга кетүүмө түрткү болду

2021.08.23, 17:08
8621

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Самолет. Ичимде коркуу. Уча электе түшүп калсамбы. Менде дагы тогуз мүнөт бар. Бирок, багажымды берип салбадымбы. Жок, эмнелерди ойлоп жатам. Мен кайын энемдин сөзүн унутпашым керек.

Жигитим экөөбүз быйыл баш коштук. Окуубузду жаңы эле бүткөнбүз. Ал жумуш таап иштеп кетти. Мен магистратурага тапшырам деген кыялым бар эле. Чет өлкөдөгү университетке документтерди тапшырып дагы койгом. Бирок, той, конок тосуу болуп жүрүп эле аны дагы унутуп койдум. 

Кайын энем оор басырыктуу аял экен. Көп сүйлөбөйт, бирок мактачу жерде мактап турат. Башыма жоолук салып жатканда көзүмө бир топко карап турган. Анан "кызым" деп акырын кулагыма шыбырап маңдайыман өпкөнүн унутпайм.  Кайын энемдин көздөрү бакырайган, мээримге толгон, башкача көздөр.

Күйөөм дагы сонуну жигит. Табышкер. Эмне тапса үйгө көтөрүп келет. Мага кам көргөнү жагат. Эшикте жүрсөм жемпиримди көтөрүп келет, көйнөгүмдү сыдырып берет, чачымды өрүп коет ж.б. Колумду акырын кармап, анан өөп койгон адатын өзгөчө жактырам. Көздөрү эле мага болгон сүйүүсүн айтып турат. 

Почтама кат келди. Университетке магистратурага өтүп кетипмин. Бул менин кыялым эле. Көргөн козүмө ишенбей төрт жолу окудум. Сүйүнөөрүмдү же ыйлаарымды билбей калдым. Бир жылга кетишим керек. А кайын-журтум, күйөөм эмн болот? Мени түшүнүшөбү? Эл эмне дейт?

Күйөөмө айтсам маанайы түшүп калды. Унчукпай сыртка чыгып кетти. Баргым келип жатканын айткам. Андан колдоо күткөм. Ыйлап кирдим. Кайын энем келип калды. Ага баарын айтып бердим. Кайын энем унчукпай угуп отруду дагы, мындай деди.

"Сен турмушка чыксаң эле окубай калышың керек эмес. Билимге умтулганың жакшы, кызым. Эмнеге ыйлайсың, кайра сүйүнбөйсүңбү. Чет өлкөдөн окуп келет экенсиң, эл-жер көрөсүң. Буйруса, жакшы бүтүп алсаң чоң-чоң жерлерде иштейсиң. Ооба, сен бирөөнүн кызы, жубайы, келинсиң. Бирок, ошол эле учурда сен өз жашоосу бар адамсың. Кийин өкүнүп калгыча, мүмкүнчүлүк болуп жатканда кыялыңды орундат. Мен сени колдойм кызым, окуп билим алышыңды каалайм. А тигиниби, аны мага кой. Балам деле сүйүнүп жатат, болгону сенден алыста болоруна капа болуп чыгып кетсе керек. Таарынчы таркаганда келет өзү эле. Сен кыялдарыңды сатпа. Кайра биз сыймыктанабыз, келинибиз чет өлкодө окуп жүрөт деп. Тур, бетиңди жууп келегой, чогуу кафеге барып майлап келели."

Сүйүндүм. Эшикке бетимди жууганы кетип баратсам күйөөм отуруптур. Мени көрүп тура калды. Жаныма келип "кечирип койчу, апамдыкы туура" деди. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт