// //

Россиядан туруп алып Кыргызстандан депозит ачса болобу? Адис айтып берет

2021.08.23, 10:43
1083

"Айыл Банктын" операциялык иштерди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Мунарбек Шорохов Bilesinbi.kg сайтынын түз эфиринде конокто болуп, “стандарттык ченге + 1 жана + 2» акциясы тууралуу айтып берди. Эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз.

Акцияга кайсы депозит түрлөрү катышып жатат?

Айыл Банктын “стандарттык ченге + 1 жана + 2» акциясына "Керемет", "Кенч" жана "Ардагер" депозит түрлөрү тандалып алынды. Акция 10-майдан башталып 10-августта аяктамак. Бирок, кардарлын суроо-талабы көп болгондуктан, аны 31-декабрга чейин узарттык. 

"Стандарттык ченге + 1 жана + 2" акциясы

 

Депозиттердин аталышы

Келишим мөөнөтү

(айларда)

 «Керемет»

 «Ардагер»

«Кенч»

 

24

10% +1

10% +1

11% +1

36

-

11% +2

12% +2

Натыйжалуу % чен

Керемет – 12,24%

Ардагер 13,88%

Кенч 14%

Акцияга кимдер катыша алат?

Бул жерде эч кандай чектөө койгон жокпуз. Каалаган жарандарыбыз депозит ачып, акчасын сактап, чогултса болот.

Чет жакта туруп катыша алабызбы?

Тилекке каршы, жаран банкка келип келишим түзүшү керек. Андыктан, депозит ачуу үчүн Кыргызстанда болушу керек. Бирок, ачып коюп, кийин алыста туруп алып деле толуктай берсеңиз болот. 

Акцияга катышып депозит ачсам мага кандай пайда болот?

Акция бүткөн учурда сиз 14 эмес 12 же 10 пайыз менен ачат элеңиз. Акцяи учурунда бизх депозитти жогорку пайыз менен ачып беребиз. 

Депозит ачуу үчүн эмне кылуу керек?

Депозит ачкысы келген адам паспорту менен банкка кайрылат. Ошол жерден келишим түзүлүп, эсеп ачылат. ab.kg сайтыбызда депозиттин ар кандай түрлөрү бар. Кардар кааласа сом, рубль же доллар менен ача алат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт