// //

Көлгө келген сайын келинимдин жакшылыктарын эстеп ыйлайм

2021.08.18, 14:59
19870

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Келинимди сагынган сайын көлгө барам. Таң эрте туруп эч кимге айтпай кетип калам. Жээгинде отуруп алып аны менен өткөргөн күндөрдү эстейм. Кыздарымдан дагы башкача жакшы көрөм. Азыр мага ал кадимкидей жетишпей жатат.

Тун уулубузду үйлөйбүз деп баарыбыз толкунданып алганбыз. Мен келинимдин башына жоолук салып жатканымды эстесем калтырап чыгам. Ананчы, биринчи ирет кайын эне болгону жатсам. Кызым "айылга жакындап калышыптыр" десе буту күйгөн тооктой ары-бери чуркайм. Машинанын үнү угулганда эсимди жоготуп кое жаздадым.

Келиндүү болуу кандай керемет экенин мага келиним көрсөттү. Экөөбүз божурашып чогуу иш кылабыз, чогуу чай ичебиз, чогуу тойлорго барабыз. Мен ансыз эч жакка баспай калдым. Ал жок болсо, кадимкидей чүнчүп, куса болуп кетет элем. Баламды деле унутуп калдым. Мага келиним болсо болду эле...

"Апа, чай ичесизби" деген үн менен ойгонуу кандай керемет. Базарга барамбы, жакшылыктарга барамды келиниме деп жактырган таттууларын алам. Үйгө келип "эч кимге көрсөтпөй же, тиги талашат" деп өз баламдан кызганып, бекитип берем (күлүп). 

"Келиниңе ушундай мамиле кыласыңбы, катуу карма" дегендер толтура болду. Катуу кармап эмне жакшылык көрмөк элем. Мага анын бактылуу болуп жүрүшү маанилүү эле. Үйүбүздүн көркү ошол келиним болду. Бирок, бактыбыз көпкө узабады...

Эки балалуу болушкандан кийин келиним оорудан каза тапты. Суук кабар айылга келгенде аны менен кошо өлүп калгым келди. Анте албадым, балдарым үчүн, жолдошум үчүн, неберелим үчүн турушум керек болду. Уулум "апа, мен кантип жашайм" деп ыйлады. Мен ичимден кантип дем алам деп ыйладым. 

Андан бери жылдар өттү. Неберелерим бой жетип, өз жолдору менен кетишти. Уулум үйлөндү. А мен келинимди, анын кылган жакшылыктарын унута албадым. "Апооу" деп шаардан келген жүзүн сагындым. Азыр күйөө балдарым, келиндерим толтура. Бирок, тун келинимдин ордун эч кимге бере албадым. Жок, жаман ойлобогула, башкаларын жакшы көрөм, бирок башкача жакшы көрөм.

Бүгүн минтип мага кайын эне болуу кандай керемет экенин көрсөткөн келинимди эстеп алдым. Эмнегедир силер менен бөлүшкүм келди. Куса болгондо ага арнап ыр чыгарып дагы коем. Баса, уулум экөөнүн кызы апасына аябай окшош. Чоң апалап үйгө келген сайын келиним жүргөндөй эле болот. Эми конфеттерди ошого деп катчу болдум. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт