// //

Төрөтканадан чыгып келсем меш жагып күтүп отурган кайын сиңдиме ыраазымын

2021.08.17, 16:57
5031

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен силер аркылуу кайын сиңдиме ыраазычылык билдирейин дегем. Билем, ичимдеги ага болгон жылуу сезимдерди бул тамгалар толук жеткире албайт. Ошентсе дагы аракет кылып көрдүм. 

Үй-бүлөдө өзүм жалгыз кызмын. Бактым бар экен, кайын сиңдим акылдуу кыз болуп чыкты. Мен үчүн ал бир тууган сиңдимдей эле. Ушундай боорукер, камкор, башкача жан. Ар дайым, ишенесиңерби, ар дайым мени коргоп турчу. Мен ал бар өзүмдү ушундай коопсуз сезет элем. 

Балалуу болгонубузда башкача сүйүндү. Кубанычы дале эсимде. Төрөтканадан үйгө чыгып келсем, үйдү тазалап, мешке от жагып алып, инисин күтүп отуруптур. Жүрөгүм жылыды. Чилдебиз чыкканча мен менен чогуу жатып, түнү менен баламды карап чыкты. Кундуз болобу, түн болобу "уктап, эс алып алыңыз" деп турат эле.

Баламды карап жүрүп үй жумуштарын дагы жасап коет. Бул алтын кызга мен таң калып бүтө албадым.

Экинчи ирет кыздуу болдук. Аны дагы өзү багып чоңойтту. Бплдпрымды "жөжөлөрүм" дейт. Жуунтуп, кирлерин жууп коет. 

Мектепти бүтүп жогорку окуу жайга тапшырганы кетти. Ошонджо жоктугу билинип, сагынып аябай куса болдум. Анан окууну бүтүп турмуш жолуна аттанды. Эми минтип мыкты келин болду. Баары жакшы көрөт. 

Мен азыр үчунчү ирет апа болдум. Ар дайым кайын сиңдимди эстейм. Ал дагы жакында эне болот. Мыкты апа болорунан шек санабайм. 

Жаркылдак кыз, жеңең сага ыраазы. Менден кичүү болсоң дагы сен мага көп нерсени үйрөттүң. Кыйын күндөрдө жардам бердиң. Ар дайым мени колдоп, коргоп жүрдүң. Кучагың толо бала болсун. Бактылуу бол. Мен сага бир гана жакшылыктарды каалайм. Биз сени сагындык!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт