// //

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип жазалаганын көрүп терең дем алдым

2021.08.09, 14:01
17094

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Силердин сайтыңардан бир келиндин суроосун окуп калдым. Анда кайын эжеси кол көтөрүп, ичиндеги баласын түшүрүп койгонун айтыптыр. Дароо көз алдыма мындан 12 жыл мурун болгон окуя келди. 

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым. Бир дагы ирет мага болушпады. Ага баары бир эле.

"Мен иниме башка кыз алып берем!" Ушул сөздү бир күндө миң ирет кайталат. Күн сайын күйөөмө мени жамандап жазат. "Боюнда болбосо бат кетет, кошулба" деп жазган каттарын көрүп алып ыйлайм. Анда эмне, жаш кызмын, ата-энем эски көз караш менен тарбиялаган, кетип калсам эл эмне дейт дейм. 

Ичим көрүнө баштагандан бери кайын эжем күн сайын үйгө каттайт. Бала инисинен эмес экенин айтат. Ал кеткенде күйөөм анын сөздөрү чынбы сурайт. Ачуу сөздөрдү айтып ыйлатат. Ишенесиңерби, мени колдогон эч ким болбоду. Ата-энем күйөөгө бергенден бери кабар дагы алып койбойт. 

Бир күнү жөн жерден уруш чыгарып, кайын эжем ичиме асыла баштады. Балам коркунучта экенин сездим. Мени түрттү, кудай сактады, жыгылбай бутума туруп калдым. Ошондо менде кандайдыр бир күч пайда болду. "Балам менен бир нерсе болсо соттун алдында жооп бересиң" дедим. Ушундай катуу үчүн менен айттым. Көз карашым дагы курч эле. Унчукпай сыртка чыгып кетти. 

Мен болсо кийимдеримди чогултуп, бурчта жашынып турган күйөөмдүн бетин карабастан кетип калдым. Эгер өзүңдү -өзүң коргобосоң, эч ким сага болушпайт экенин билдим. Канчалык алардан корксоң, алар күчтөнөт. Укугуңду билиш керек! 

Мотурайган кыздуу болдум. Ушундай ширин кыз. Менин берекем, дем берип алдыга сүрөгөн мотивациям. Азыркы жеткен ийгилимдин баары кызымдын арты менен болду. 

Кандай кыйынчылыктардан өткөнүмдү айтпасам деле түшүнөсүңөр. Мен болгону курмандык болуп, даттанып жата бербедим, мүмкүнчүлүк издеп, тытынганды токтотподум.

Гинекологго текшерилгени баргам. Бир маалда кабинеттен кайын эжем чыга калды. Мени көрүп катып калды. Көзүнө тике карадым. Чыдай албай башын жеоге салып, тез-тез басып кетти.

Гинеколог чакырды. Кирип бардым. Столунун үстүндө кайын эжемдин аты жазылган карта туруптур. Акырын башымды созуп карасам, жаман оорунун аты жазылган экен. Ар бир жамандык үчүн жаза бара экенине ишендим. 

Мен эмнени айткым келди. Өзүңөрдү  басынтууга эч качан жол бербегиле. Балаңарды коргогула. Коркпой акырына чейин күрөшкүлө. Күнөөлүү адам созсуз жазаланат экенин билгиле. Тытынып иштеп, мыкты жашагыла. Силер жакшы жашоого татыктуусуңар. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт