// //

Тишке байланган көйгөйлөр

2018.02.26, 17:53
4755

Тиш бул - адамды көрккө бөлөп турат. Эгер таза, аппакай, күрүчтөй тизилип турса. Бирок “Бир күндө эки ирээт тишиңди жуу, тиш щеткасын үч айда бир алмаштырып тур” деген шарттарды аткарбай көйгөйгө кабылгандар аз эмес. Стоматолог Рысбек Бекишов тишке туура кам көрүүнүн жана агартуунун ыкмаларын айтып берди.

  • Тиштин саргарып кетүүсүнүн себептери.

- Эгер тишиңиз сиз ойлогондой түстө болсо анда тартынбай сүйлөө же жылмаюу тартуулоо сизге кыйынчылык туудурбайт. Бирок көпчүлүк тиштин бузулуусу же саргарып кетиши тартынчаактыкты пайда кылат. Сары түстөгү тишке кантип кабылабыз?

Генетика. Тиштин эмалына жана мүлкүнө доо кетирген оорулар бар. Оору тиштин саргарып кетүүсүнө алып келет. Мындай учурда тиштин саргарышы ата-энеден баласына өтөт. Бул учурда тишти агартып коюу мүмкүн эмес

Чылым чегүү. Тиштин бузулушуна жана саргарып кетишине чылым чегүү өтө чоң таасирин берет. Себеби тамекинин курамындагы никотин тиштин сырткы эмалына жабышып терең сиңишип кетет. Чылымдан топтолгон чайырды кетирүүгө тиш пастасынын күчү жетпейт.

Курамында кант бар азык. Бир күндө бир нече курамында кант бар тамак-аштарды жесеңиз тишиңиздеги сары түз күчүнө кирет.

Суусундук. Кофе, пепси, кока-кола, коюу демделген чайлар тишти өчпөй турган сары же күрөң түскө боёчу каражаттардын катарын толуктайт.

Жаш курак. Жаш өткөн сайын тиштин эмалдары жукарат. Эгерде чылым тартпасаңыз, таттууларды аз өлчөмдө колдонсоңуз саргарган тиштерге эрте жашта эле ээ болуп калбайсыз.

  • Тишти кантип агартса болот?

- Көпчүлүк адамдардын дарыгерге барып техниканын же кымбат баалу дарылардын жардамы менен тишин ойдогудай агартып алуусуна капчыгы туура келе бербейт. Ал эми үйдө дайыма колдонуп туруучу каражат, азыктар менен агартып алууга эмнеге болбосун. Үй шартында тишти агартууга лимон, суутек кычкылы жана ашкана содасы сунушталат.

Аш содасы тишке агартуучу натыйжа берет. Колдонуу ыкмасы: тиш щеткасына соданы себип алып тишти сүртүп, андан соң суу менен чайкап коюу. Бирок бул ыкманы дайыма кылуу тиштеги эмалдардын жукарып кетишине алып келет.

Лимон кабыгы менен тишти сүртсөңүз, бул да тиштин агаруусуна алып келет. Мындан сырткары лимон ширеси менен оозду чайкап турса дагы болот.

Кебезди суутек кычкылына (перекс) нымдап алып тишти сүртсө же оозду чайкаса бир гана микробдорду өлтүрбөй агартуучу касиетин дагы көргөзөт.

  • Тишти туура жуунун ыкмасы.

- Тишти туура эмес жуу чоң көйгөйгө алып келет. Баамдап карасаң көпчүлүгү тишти шарты менен жууганды билбейт. Дүйнөдө тишти тазалоонун бир кана түрлөрү бар ошолордун арасынан, эң эффективдүүлөрү:

  1. Тишти жууганда ал бери дегенде эле 3 мүнөткө созулушу керек;
  2. Тиш щеткасын 45 градусга чукул кармап жуу;
  3. Алдыңкы жана үстүңкү тиштерди өз-өзүнчө тазалоо;
  4. Маңдайкы тишти биринчи, анда соң түпкү тиштерди жуу;
  5. Алдыңкы тиштерди ылдыйдан өйдө, үстункү тиштерди өйдөдөн ылдый тазалоо;
  6. Тилди да тазалап, жуу абзел. Себеби тиштин арасындагы микробдор тилде да бар;
  7. Аягында оозду сергитип туруучу каражаттар менен чайкоо;
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт