// //

Апам келинине эмне деп айтканымды угуп мени үйдөн кууп чыкты

2021.07.25, 16:27
9216

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Колдоо издеп барган жаным жамбашым ачышып, чындыкты угуп келдим. Апама башында таарынып, бултундап чыгып кеткем. Үйгө келгиче беш эчким тарап, баарын жакшылап ойлондум. Чын эле, апам айткандай, Жамилядан (келинчегим) бир жамандык көргөн жокмун. 

Досторум  "эмне жасана баштадың" дешкенде эле кеп бар болчу. Аялым "жуунуп аласыңбы" деп эркелеп карап койсо эле душка жөнөйм. Күн сайын душка түшүп кадимкидей жагымдуу жыттана баштадым. "Муну кийип аласыңбы, сага жарашат" деп футболка берет. Аны кийсем көчөдөн кыздар кылчая карайт. Чындап эле сулуу болуп калдым окшойм деп коем. Жумуштан эжелер духимди мактайт. Ал духини келинчегим белекке берген.

Сырткы дүйнөм гана эмес, материалдык жактан дагы өзгөрдүм. Жумуш болбой кейип келсем, келинчегим, "сенин колуңдан баары келет, ошого кейип отура бересиңби" деп койсо, маанайым көтөрүлүп калат. Колуман баары келерине ишенип, көп жумуш аткара баштадым. Машина алдым, жер алып, там сала баштадым. 

Бир жума мурун экөөбүз болбогон нерсенин айынан таарынышып кеттик. Ачуум менен "сага үйлөнгөндөн бери бир жакшылык көрбөдүм" деп айтым алдым. Кайра кечирим сурабастан барып жатып алдым. Ыйлап отурган, эртең менен турсам үйдө жок экен. 

Күнөөлүү адам өзүн кандай сезерин ошондо билдим. Телефонумду жүз жолу алып, кайра ордуна койдум. Кат жазып, кайра өчүрдүм. Анан апама жөнөдүм. 

Колундагы кол аарчысы менен жамбашыма чапты. "Бала болбой сен кургур, келиниме эмнеге айтып айтасың. Жакшылык көрбөй анан эмне кылып жүрдүң. Кебетеңди карачы, ушунун баары келиним кылды. Мени уят кылып, кир, анысы аз келгенсип жыртык футболкаңды кийип жүрчү эмес белең. Аялыңдын баркына жете албасаң, эртең эле жашоо ордуңа коюп коет. Тур, мага чоң иш кылганыңды айтпай, келинимден кечирим сура. Эмкиде экөөң келбесең, башыңды жулам."

Телефон чалдым. Курбусунукунда экен. Дароо бардым. Эшикти өзү ачты. "Кечирип койчу" жерди күнөөлүү карадым. 

- Мен сени дароо келет экен деп күткөм.

- Апама барып калдым.

- Апам жакшыбы? Бир нерсе болдубу?

- Баары жакшы, кабатыр болбо. 

- Жамбашынды эмне кармап жатасың?

- Апам катуу чапты.

- Эмнеге? (күлүп)

- Келинине болушту.

Экөөбүз каткырып кирдик.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт