// //

Ашыкча салмактан арылуунун жолдору. Диетолог айтып берет

2018.02.26, 16:10
8818

Кантип арыктаса болот?

Диетолог Гульнара Абдрахманова арыктоонун сырларын айтып берди.

                       

Салмактан арылуу үчүн 3 нерсени эске алыңыз.

1. Туура тамактануу. Жер-жемиштер, белок жана углеводдор аралашып, баланстанган тамактарды ичип, жеңиз. Азыр мурдагыдай 60 пайыз углевод, мынча пайыз белок деп эсептеп тамактануу жок. Баары индивидуалдуу болуп калган. Тарелканы элестетиңиз. Аны экиге бөлүңүз, бир бөлүгүн жашылча-жемиштер, экинчи бөлүгүнүн жарымын углеводдор, жарымын белоктор түзсүн.

Өзүңүздөр көргөндөй жеп жаткан тамак-ашыбыздын 50 пайызын жашылча-жемиштер ээлеши зарыл. Ар дайым тамактанып жатканда бул эрежени колдонуңуз.

Түштө сөзсүз түрдө тамактаныңыз.

Ачкачылык үч сааттан ашса, организим стресске кабылат. Тамактанганда ашыкча өлчөмдү өзүнө май кылып топтоп алып, кайра ачка болуп баштаганда аны колдонот. Негизги болгон эртең мененки, түшкү жана кечки тамактануулардын арасында аз-аздан бир нерсе жеп туруңуз.

2. Физикалык көнүгүүлөр. Үй-жумуштары, окуу же ишке барып келүү физикалык көнүгүү эмес. Физикалык көнүгүүлөргө жөө басуу, чуркоо, спорт залга барып машыгуу, сууда сүзүү кирет. Жөө басканда сейилдегендей жай эмес, 30 мүнөт тез ылдамдыкта басуу. Бул минимум десек болот.

Эң мыкты тандоо сууда сүзүү. Өсүп жаткан жаштарга булчуң чыгаруунун кереги жок. Машыгуулар линейкалуу болсун. Алсак аларга баскетбол, валейбол же футбол туура келет. Ал эми күрөш болсо булчуңдарын чыгарууну каалагандарга туура келет.

3. Таза, жылуу суу ичүү. Себеби суу организимдеги зат алмашууну тездетет. Сууну күндүн биринчи жарымында, күнүнө 7 стакан же эң көп дегенде 3 литр ичүү сунушталат.

                                                          

Арыктатуучу дары-дармектер

Көпчүлүк азыр салмактан тез арылуу үчүн энергетиктерди, биокошулмаларды колдонушат. Бул чоң жаңылыштык. Мындай тамактануудан боор, жүрөк, бөйрөк жана нерв системалары жабыркайт. Арыктайсың деп эч ким кепилдик бере албайт.

Алсак, бөйрөк биз жеген нерселердин баарын филтрация кылган эң негизги орган. Энергетиктерди колдонгондо майлардан арылуу агрессивдүү түрдө жүрөт. Зыяндуу кетон заттары сыртка көп өлчөмдө бөлүнүп чыгат. Бөйрөккө чоң басым келет.

Эгерде бөйрөк бир жолу жабыркаса, аны кайра толугу менен калыбына келтирүү мүмкүн эмес экенин эске алуу керек.

Андыктан убагында таасир бергени менен, мындай зыяндуу кошулмалардын кесепети келечекке тиет.

Биздин өлкөдө арыктатуучу каражаттардан орлистатка гана уруксат берилген. Калгандары мыйзамсыз жолдор менен келет. Орлистат майларды соруп алат, нервге доо кетирбейт, анорексигендик таасири аз. Баары дарыгердин көзөмөлүнүн астында жүргүзүлөт. Бирок аны колдонбой койсоң майлар кайра калбына келип калат. Андыктан баары бир туура тамактануу эрежесин кармануу зарыл.

Салмактан арылуунун кандай гана жол тандабаңыз, биринчи орунда ден соолук экенин эске алыңыз. Интернеттеги тастыкталбаган маалыматтарды колдонуунун ордуна диетологго барып, кеңеш алуу эң туура чечим.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт