// //

Кайын атамдын мен үчүн бул кылган жоругун эч качан унутпайм

2021.06.20, 17:25
12555

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Курбуларыма турмушка чыгарымды айтсам сүйүнүшкөн жок. Кайын эне менен кайын ата дегендерди болушунча жамандашты. “Жакшылык кылышса дагы ишенбе, кайра он эселеп чыгарып алышат” деп даярдашты. Мен аларга бекер эле ишенипмин.

Кайын энем “жумуш кылбай эле кой” десе, башкача карайм. Кайын атам “өзүм эле тамак куюп ичем балам” десе башкача карайм. Күйөөм “уктай бер каалашыңча” десе башкача карайм. Ар нерседен шек санап детективдей эле болуп жүрдүм. Чын эле айтып жатышабы же кийин чыгарып алышабы деп ойлоном.

Бир жолу жумуштан кеч келсем, кайын энем тамак жасап, кирлеримди жууп коюптур. Иий, өлдүм дедим. Өзүмдү коерге жер таппай жүрсөм күйөөм келип калды. Эмне кылсам болорун сурадым.

- Жаным, мен сени тааныбай турам. Келгенден бери өзүңдү жай сезбейсиң. Тынч отура албайсың. Бирөө сага бир нерсе деди беле.

- Курбуларым минтип айткан.

- Түшүнүктүү. Жаным, менин атам менен апам сен элестеткендей эмес. Ак көңүл, жүрөгү таза кишилер. Тамак жасабай эле кой, уктай бер десе бейкапар айткандарын жасап жүрө бер. Алар кумурскага дагы жамандык каалабайт. Бирөөлөрдүн сөзүнө маани беришпейт.

- Чын элеби? Чын айтып жатасыңбы?

- Ооба, болду эми, жүр тамак ичели.

Жакында неберелүү болушарын укканда экөө тең жашыды. Кайын энем жер төлөөдөн туздалган бадыраңдарын алып чыгып берсе, кайын атам күн сайын бекитип шоколад алып келип берет. Экөө, аларга кошулуп күйөөм үчөө колумду сууга тийгизбей калышты.

Анализ тапшырганы үйдөн чыгып бараткам. Кайын атам “кол чатырды алып алчы, күн бүркөө балам” десе, “ата, мен бат эле” деп кетип калгам. Жолдо баратсам жамгыр төгүп кирди. Ошондо кайын атамды укпай койгонума өкүндүм. Суу болуп баратсам, атымды айтып бирөө чакырды. Артымды карасам, кайын атам чоң кол чатыр көтөрүп чуркап келатыптыр. “Суук тийет балам” деп жаныма келди.

- Ата, бул кол чатырды кайдан алдыңыз.

- Бозо саткан кошунаныкы. Сурабай алып баса бердим. Анан айтып кечирим сурап коем. Жүр балам, жеткирип коеюн.

Кайын атам экөөбүз бейтапканага барып, кайра чогуу келдик. Жанымда чоң зонтикти көтөрүп, божурап сүйлөп келаткан кайын атамды көрүп абдан ыраазы болдум.

Чындап эле жакшы адамдар бар экен. Мен азыр алардын келинимин. Мен бактылуумун.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт