Жигитим “аның ар ким менен жүргөн” деген сөздөргө ишенип тоюбузду бузду

2021.06.03, 16:44
6767

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул окуя төрт жыл мурун болгон. Канча деген көз жашым төгүлдү. Атам менен апама чоң рахмат. "Кызым, биз сага ишенебиз”, “эмне гана болбосун сени жакшы көрөбүз” деген сөздөрү эле мени дарылады. Курбуларым менден баш тартканына эмне дейсиңер.

Экөөбүз эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Бул арада урушуп, кайра жарашкан күндөрүбүз көп эле болду. Акыркы убактарда тил табышып, баш кошолу деп калганбыз. Анан эле бул окуя болуп кетти.

Айылына тойго даярданганы кеткен. Ага чейин ата-энеси мага сөйкө салып, атам менен апамдар болуп той күнүн белгилешкен. Менден өткөн бактылуу кыз жок эле. Көйнөктөрүмдү тандап, салондорго жазылдым. Күн сайын жигитим менен чалышып сүйлөшөбүз. Ал дагы үйүн бүтүп калганын, жакын арада базарга түшүп мал аларын айтып  жатты.

Тойго туптуура төрт күн калганда чалды.

- Жаным, угуп жатам. Жакшы уктап турдуңбу? Бүгүн көйнөгүмдү алып келишет. Тигип бүтүшүптүр. Сага сүрөтүн жөнөтөм, э?

- Сен кыз эмес турбайсыңбы?

- Түшүнбөдүм?

- Той болбойт.

Трубканы коюп салды. Чалсам телефонун өчүрүп коюптур. Эмне кылышты билбей туруп калдым.

Ак жерден мени бирөөлөр күнөөлөшүп, жигитиме ар ким менне жүргөн деп айтып коюшуптур. Жигитимдин мага эмес, башкаларга ишенгенине ыза болдум. Ооруп жатып калдым. Атам мага кошулуп ыйлайт. “Андай жигитке тийбей эле койчу кызым, оорубачы кызым, ыйлабачы кызым” деп жаныман чыкпайт. 

Кечинде жатып эмнеге ушундай адам үчүн кыйналам? Кайра сүйүнүп, жыргасам болот да туурабы? Кайдагы ушактарга ишенип ушинтип жатса, кийин мындан дагы жаман болмок го. Жок, мен өзүмдү сүйөм, минтип ата-энемди азапка салбайм.

Таң эрте ойгонуп жуундум. Курсагым аябай ачыптыр. Жумуртка кууруп алып жеп отурсам, атам менен апам кирип келип калды. Мени көрүп аябай сүйүнүштү.

Мен бул окуяны азыр күлүп эстейм. Ошондо менден баш тартып, группалардан чыгарып койгон кыздарыма дагы рахмат. Эң негизгиси жигитиме рахмат. Бир-экөөнү жолуктурдум. Бактылуу болуп кетишкенин көрбөдүм. Менин жыргап жүргөнүмдү көрүшүп, көздөрүнөн көрө албастыктын оту чачырады.

Баса, азыр жигитим бар. Мени сыйлайт, сүйөт. Экөөбүз жакын арада баш кошуп, чет өлкөгө окууга тапшырганы кеткени жатабыз. Ата-энеси менен таанышкам. Билимдүү, заманбап адамдар экен. Сөздөн-сөз чыгып башымдан өткөн окуямды айтып бердим. “Сынып калбаган азамат кыз экенсиң” дешти. Жигитим “муну атам берди” же “апам сага берип жиберди” деп күн сайын ар нерсе алып келет. Кудуңдап жаш баладай сүйүнөм.

Мен бул окуядан кийин өзүмдү биринчи орунга койгонду үйрөндүм. Мурда ар кимдин көңүлүн карап, жакшы көрүнгөнгө аракет кылып жүрчүмүн. Анын эч кандай пайдасы жок экен. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт