// //

Күйөөмдүн артынан сарайга барып, көргөн нерсеме таң калдым

2021.05.22, 11:13
37740

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул окуядан бери алты-жети жыл өттү. Күйөөм эч өзгөргөн жок. Кудум баягыдай, өзгөчө ошол күндөгүдөй.

Күйөөмдүн чоң таенеси каза болду. Ыраматылык токсондун кырын ашып жакшы жашады. Уул-кыздарыны сыйын көрүп, жылуу төшөктө кыйналбай үзүлдү. Айылдагы үй толо эл. Келгендер батпай, бир көчөнүн кошуналары баары тейлешти.

Келиндер кызматтан колубуз бошобойт. Отуруп тамак ичкенге убакыт жок. Бутум чарчап, атүгүл шишип чыкты. Башым май, уйкудан калган көзүмдүн алды капкара. Балдарыма чалып кабар ала элекмин. Дагы жакшы, апама таштап келдим эле, жүрөгүм тынч.

Күйөөм эт бышырып жүргөн. Боорсок ташып баратып карасам, тарелкага эттерди салып, бир чыны шорпо куюп, сарай жакка басып кетти. Кайра келип, эки стул алып, дагы ошол жакка жөнөдү. Кызык болду. Эми биринчи дароо жаман ойлор келет эмеспи. Карап турсам мени карап, кайра ошол жакка басып кетти. Келиндерге мен азыр деген боюнча сарай жакка бет алдым.

Койлор жайлоодо болчу. Акырын барып сарайдын эшигин ачайын десем күйөөм чыга калды. Колумдан тартып ичине алып кирип кетти. Байкушум, стол даярдап мени күтүп отурган экен. “Чарчадың, бас жай отуруп могу этти жеп, шорпону ичип ал. Тиги жеңелер көрсө сени жөн отургузбай, шыбырашат.” Бут кийимимди чечип, бутумдун шишигенин көрүп жаны кейиди. Шорпомду ичип бүткүчө бутумду ушалап отурду.

- Эмнеге сарай?

- Бул жакка эч ким келбейт, сени алаксыбай тынч отурсун дедим. Анан сени менен жалгыз болгум келди. Сен жок тамак деле ичким келбейт экен.

Экөөбүз шашпай отуруп жилик мүлжүдүк. Курсагыбызды кампайтып, бир аз эс алып, анан сарайдан чыктык.

“Көпчүлүктө сага эч ким күйбөйт. Өзүңдү аяп иш кыл. Митаам болсоң кичине.” Бетимден өптү. Экөөбүз эки жакка бурулуп кеттик.

Жымыңдаган боюнча боорсокко жөнөдүм. Ыраазы болдум десем жетишсиз. Могу жүрөгүм башкача сого баштады.

Азыр дагы ошол күндөгүдөй камкор. Эч өзгөргөн жок. “Өзүңдү аясаңчы” деп эле басып жүрөт. Сыртыман билгизбегеним менен аябай сүйүнөм. Таң эрте туруп алып күйөөмдү карап жата берем. Мага берген сүйүүсү, сыйы үчүн чексиз бактылуумун. Аны канчалык сүйөрүмдү айтпасам деле түшүнүктүү болсо керек.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт