Тузу жок нандарды тамдын башына ыргыткам. Келиндердин боор эзген окуялары
Bilesinbi.kg окурмандарынан жаңы келин болуп келген күнү эмнеси менен эсте калганын сурады. Эгер сизде дагы эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Баса, боор эзген баяндарды толугу менен бул жерден окуй аласыз.
Кызыл чай
Абысыным келип "кайын агаңа чайды кызыл кылып көптөн куюп берчи" деп калды. 20 күндөй жүрдү окшойт, күндө кыпкызыл, челкилдете чай куюп берем. Бир күнү кызуу болуп келип ”мага азыраак, анан агыраак куюп берчи" десе болобу. "Сизди жеңем кызыл ичет деди эле го "десем, “ал күнү ичим өтүп аткан" деди. zhoroeva_89
Аш
Жаңы келин болуп барганда аш бышырып салып келдим. Демделген чайды куюп берип, кайра демдеп келип, отуруп эле тамактан алып жей баштадым. Курсак өлө ачкан экен. 2-3 кашык алгандан кийин карасам эч ким жебейт. Көрсө кайын атам этти туурап жатыптыр. Анан үстүнө эт салып "кана алгыла" десе болобу. Бетим кызарганын айтпагыла. samara950529
Уктум
Молдо нике кыйып жатып “туттуңбу” десе, мага “уктуңбу” дегендей угулган. “Уктум” десем, күйөөм күлүп “туттуңбу деп жатат” деди. А мен үйдү жаңырта “ой, уктум” дедим. Күйөөм “туттум деп айтышың керек” деди. Анан мен камырабай, “ооба, ошондой” десем боору эзилгиче күлгөн. asdfg123976
Күйгөн кирпик
Газ плитага шорпо ысытмак болдум. Бассам тырсылдап күйбөйт. Жакын барып карай калсам эле балп этип эле күйүп кетти. Өстүргөн кирпигим менен кашымдын жарымы жок. Islamdokdu
Төгүлгөн күрүч
Мен жаңы келин болуп барып аш демдейм деп, күрүчтү жууп жатып төгүп алгам. Кайын сиңдим сары май көтөрүп келаткан экен, мени шылдыңдайм деп жатып майын төгүп алды. Анын артынан дагы бир кайын сиңдим шакарап көтөрүп келаткан экен, экөөбүздү шылдыңдайм деп жатып өзү шакарапты төгүп алды. Үчөөбүз каткырып күлүп жатсак, кайын энем “айнанайын, эмне болдуңар” деп келип калган. mamnurgiza
Тапчан
Досторкон үстүндө кайын атам, кайын апам, кайын сиңдилерим болуп чай ичели деп отурганбыз. Бир маалда тапчандын четине отуруп алган экенмин, чалкамдан жыгылып түштүм. Аябай уялгам. mikabaianasova
Даяр жоолук
Күйөөм үйдөгүлөрүнө мени “арык, өлчөмүн билбейм, келатып кийинте келем” деп айтыптыр. Базар кыдырып халат менен ак жоолук алдык. Кийинип үйүнө келсем, “келин келди” деп жоолук издеп калышты. А мен болсо өзүм “мына” деп бергеним эсимде. Artisbekovakyiall
Тузу жок нан
Мен келип болуп барганда, кайын энем, күйөөм, анан мен эле болчубуз. Өз үйүмдө көп киши жашайт элек. Көп тамак кылып көнүп калган жаным бир казан тамак жасап, бир жума жегенбиз. Кайын энем "нан жаап коесуңбу" деп конокко кетти. Нандын тузун аз салыпмын, тандырдан баары куюлуп түшүп калса болобу. Төрт эле нан калган. Түшүп калган нандарды коркконумдан тамдын башына ыргыткам. Алар жабышып катып калса керек, карга, чымчыктыр күндө той кылган. Кайын энем таш ыргытып кубалайт дейсиңер. atomydili
Каз
Мен келин болуп баргандан ушул убакытка чейин бир каздын эркеги аркаман калбай кууйт. Азыр деле айылга барсак кууй берет. Кайын атам “келиним келатат” деп күлүп калат. Кээде күйүгүп чуркап келсем, бейкапар “сенби” деп коет. elibvna
Юбка камыр
Камыр жайганды, анан күрүч басканды билчү эмесмин. Колго камыр жаяйын десем эле кыйшыйып калат. Кайын энем жайса тегерек болот кооз болот. Анан колго камыр жаярда, “апа, сиз жайыңызчы, меники юбка болуп калат” деп уялбай эле апама берип коет элем. Апам 65те болчу, “юбка болуп калабы” деп күлүп жая берет эле. Ошентип, алтыным апам камыр жайганды, аш басканды үйрөткөн. Өмүрүңүз узун болсун апа. subanbekova.m
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
"Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы", деп айткам. Мигранттардын окуялары
Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүу окуялар
"Мугалимдер бизден кечирим сурагыла". Акыркы коңгуроодогу боор эзген окуялар