// //

Геморрой менен түз ичегинин рагы ооруларынын белгилери окшош

2019.01.24, 14:18
9614

Геморрой оорусу тууралуу сөз кылуу ыңгайсыздыкты жаратат. Бирок бул оорудан жабыркагандар аз эмес. Геморройдун себептери, белгилери жана алдын алуу чаралары тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы врач-проктолог Эльдар Джангиров айтып берет.

Геморрой – бул түз ичегидеги геморроидик кан тамырларды кеңейтип, сезгентип, акырындык менен түйүндөрдү пайда кылуучу оору.

Геморройду кантип аныктаса болот?

Геморрой узак убакытка чейин калыптанып отуруп пайда болуучу оору. Аны аныктоо кыйынга турбайт. Алгач, көчүк ооруксунуп, кычышып, ыңгайсыздык жаратат. Заңдаган сайын арчынган кагазда өңү ачык кан пайда болот. Ал эми кандын өңү коңур, былжыр же ириң аралаш болсо, демек геморрой башка ооруга өтө баштады.

Бирок анустун канаганы ар дайым эле геморрой дегендик эмес. Ректалдык каноо төмөнкү ооруларда да пайда болот:

  • Аналдык жарака;
  • Түз ичегинин онкологиялык оорусу;
  • Түз ичегинин түшүшү;
  • Колиттер, кандиломалар, полиптер ж.б.

Ар биринин дарылоо ыкмалары бөлөк. Өз маалында аныкталган ооруну дарылоо көйгөй жаратпайт. Башкысы ракты өткөрүп жибербөө керек. Себеби, аны аныктоо татаал, симптомдору башка ооруларга окшош.

Дарыгерге качан кайрылуу керек?

Тилекке каршы бизге кайрылган бейтаптардын көбү өтүшүп кеткен учурда гана келишет. Ошондуктан аларды дарылоо узак убакытка созулуп, айрым учурларда операция жасоого туура келет. Биринчи симптомдору (ооруксунуу, дискомфорт, кычышуу) пайда болору менен проктологго кайрылуу зарыл.

Геморрой эмне себептен пайда болот?

Семирүү, запор, узак убакытка чейин туалетте отуруу, оор жүк көтөрүү, кыймылы аз жумушта иштөө, аналдык секс ж.б. геморройдун пайда болуусуна себепкер. Бул оору менен эркектер көбүрөөк ооруйт. Өтүшүп кеткен оору туз ичегинин түшүшүнө алып келет.

Аялдарда - кош бойлуулук жана төрөттөн улам да пайда болот. Бирок аял заты табиятынан көбүрөөк кыймылдашат. Тамакты салыштырмалуу аз ичет, жана ден соолугуна жакшыраак кам көрүп жоопкерчиликтүү болушат.  

Геморройду алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

  • Күнүгө, анан бир эле маалда заңдаш керек;
  • Туалетте кечке отурбаш керек (көпчүлүк туалетке телефонун кошо алып кирип, убакыттын өтүшүн байкабай отура беришет);
  • Күндө өтө муздак эмес суу менен жуунуп, гигиенаны сактоо керек;
  • Көбүрөөк кыймылдап, спорт менен машыгуу керек.

Кандай тамактануу керек?

Өсүмдүк клетчаткасына бай азыктар менен тамактануу зарыл. Алар

  • Кара ундан жасалган нан;
  • Суюк тамак, шорпо;
  • Жер жемиштер, суу май кошулуп жасалган салаттар (майонез эмес);
  • Көбүрөөк суюктук: суу, компот, көк чай ичкенди унутпагыла.

Өз алдынча дарылануу өтө кооптуу

Мага тааныштар телефон чалып “кеңеш берип койчу” деп көп суранышат. Көрбөй туруп айтуу, мүмкүн эмес. Адискөй доктур көрмөйүнчө диагноз коюп, дары жазып бербейт.

Ден соолукта болуңуз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт