// //

Аналдык секс тууралуу эмнелерди билүү керек?

2019.01.22, 12:04
14601

Порно кинолордо аналдык секс байма-бай көрсөтүлүп, андагы жуптар укмуш кумарга батып жаткандай сезилет. Кошулуунун бул түрүнүн ден соолукка тийгизген кесепеттери тууралуу проктолог Бекболот Бегалиев айтып берди.

Аналдык секс деген эмне?

Аналдык секс бул - жуптардын артынан кошулуусу, башкача айтканда биринин жыныс мүчөсүн экинчисинин көчүгүнө киргизүү. Кошулуунун бул түрү көбүн эсе гомосексуалдык жуптарга тиешелүү делгени менен гетеро мамилелерде да орун алат.

Айымдар үчүн кандай кесепеттери

Аналдык секстин кесепеттери өтө оор жана кейиштүү. Адамдын көчүгүнүн табигый функциясы башка, ал жактан жел чыгыш керек, заң чыгыш керек. Ал эми жыныстык катнаш үчүн табият башка органды жараткан. Мындай алып караганда деле эркектин мүчөсү менен айымдын көчүгүнүн көлөмү туура келбейт. Анус ийкемдүү эмес, жана катнаш учурунда жатынга окшоп суюктук бөлүп чыгарбайт. Ошондуктан алгач эле айымдар үчүн бул жагымсыз, жана аябай катуу ооруксунууну пайда кылат. Түз ичегинин ички структурасы заң массаларын сыртка гана чыгарууга ылайыкталган. Тескери процесстердин орун алышы түрдүү ооруларга себепкер болот.

Алгачкысы эле:

  • кан агуу (кровотечение);
  • анустагы жаракалар;
  • криптит;
  • параколит;
  • геморрой;
  • түз ичегинин түшүшү;
  • түз ичегинин рагы. 

Өтүшүп кеткен учурда көчүктүн булчуңдары ийкемдүүлүгүн жоготуп адам желди жана заңды кармай албай калат.

Мырзалар үчүн кесепеттери

Адамдын организминде табигый микрофлорадан тышкары түрдүү паразиттер да абдан көп болот. Паразиттер кишилердин 90 пайызында бар. Заңда адам үчүн керексиз жана зыян микробдор камтылат, ошондуктан организм аны бөлүп чыгарат.

Ал эми аналдык секс учурунда эркектин жыныстык органындагы каналдар аркылуу ар кандай инфекциялар кириши мүмкүн. СПИД, сифилис, гонорея сыяктуу венерикалык ооруларду жугузуп алуу коркунучу кыйла жогорулайт.

Ошондой эле, мындай жыныстык катнаш учурунда эркектер жыныс мүчөсүнүн этин айрып алышы мүмкүн, анын айыгуу процесси узакка созулат. Микро жаракалар пайда болуп, дискомфортту жаратат.

Аналдык сексте боюна бүтпөйт деген чынбы?

Артынан кошулганда боюна бүтпөйт дегенге кепилдик жок. Себеби, уруктук 2-3 күнгө чейин активдүү болот. Аял кишинин терисинде же ич кийиминде калып калса деле бойго бүтүп калуу коркунучу бар.

Менин төрт балам бар. Жолдошум жатының чоң болуп калды, кумар албай атам деп жатат, артынан кошулууну сунуштайт. Эмне кылышым керек?

Эч убакта макул болбоңуз. Сизге ден соолук керек. Жолдошуңуз ошончолук эле рахат алгысы келип жатса, сизди пластикалык операцияга алып келсин. Аны биздин проктология бөлүмү, гинекология бөлүмү деле жасап берет (ред. мындай пластика - гименопластика деп аталат).

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт