// //

Айдоочу "төрөбө, төрөбө, мен корком" деп чуркап түшкөн. Маршруткадагы окуялар

2021.04.05, 15:56
2171

Bilesinbi.kg окурмандары менен коомдук транспортто кандай күлкүлүү окуяларга туш болгону тууралуу сүйлөштү. Эгер сизде дагы эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Баса, баяндарды толугу менен бул жерден окуй аласыз.

Отурбаган эже

Бир эже жол киресин төлөбөй түшүп баратса, айдоочу “ай келин, акы бербейсиңби”,-дейт. Тиги эже камырабай “мен отурбай туруп келдим”,-деп түшүп кетти. Айдоочу эмне кыларын билбей нес болуп калды. Арт жакта боорубуз эзилди. zhaniinaz

Орустун башынан сылап

Эжем экөөбүз таң эрте жумушка маршрутка менен баратканда уктап барчумун. Бир маалда эжем мени ойготуп, “бас жетип калдык” дегенде уйкулуу көзүм менен шашып түшүп баратсам, маршрутка ордунан жылып кетти. Бир орусту чыканагым менен башына уруп алдым. Анысы аз келгенсип “ий, кечирип коюңузчу”,- деп башынан сылап коем. Түшүп алып ичибиз ооругуча күлгөнбүз. arykova.gulaiym

Эже же байке

Бир окуяны айтайын. Троллейбустан түшөйүн десем алдымда эже туруптур. Анан “эже түшөсүзбү” десем мени карады. Байке экен, чачын өстүрүп алыптыр. joldosh.89

Оонаган кыз

Мен автобуста туруп кетип бараткам. Автобус газды басса так ортосуна эл өтчү жерге отуруп калгам. Турайын десем турганга алым келбей, ары-бери оонагам. Анан бери жакта отурган эки бала келип эки жагыман көтөрүп тургузушкан. Түшүп алып кечке күлгөм.  zhusupova7601

Окуучу жеңе

Чет өлкөдө жүргөн бир жеңебиз шашылыш көчөгө чыгыш керек болуп калып, кайын энесинин автобуста колдончу жол картасы менен кетип калыптыр. Анан аны кызматкерлер байкап калат. "Эмнеге мындай кыласың? Азыр штраф жазабыз!" десе, жеңебиз "Кечиргиле, мен мектеп окуучусумун, өзүмүн картамын акчасы түгөнүп калыптыр, ошого чоң энемин картасын алгам”,-деп ыйлаган экен. Жол акысы окуучу менен пенсионерлерге бир суммада имиш. Анан "ээ, арзыбаган тыйын үчүн окуучуну мынча кыйнадыңар, койгула кеч калбай кете берсин",- деп кетирип жиберишиптир. adilet.abylov_

Тарс!

Кечки маал болуп калган. Баары иштен мектептен кайта турган убак болчу. Жүргүнчүлөр автобуста бири-бирине жармашып келе жатышкан. Бир маалда кызыктай жыт “тарс” кеткен. Көпчүлүктүн ичинен билинбейт го, ким чыгарганы. Баары бири-бирине карап, терезелер ачылып, күлүп кеткенбиз. 1234_nonna

Кантип ыйлайбыз?

Женем экөөбүз шаарга барганбыз. Анан троллейбуска түштүк. Контроллер “оплачиваем” деп келе жатса, жеңем “эми кантип ыйлайбыз”,- деп боорду эзген. sbs_121212

Мен эмес куртка

Узун куртка кийип тыгын маршруткага чыктым. Куртканын асты жагында кнопкалары бар болчу. Шашылып бир-бирден ачпастан, баарын бир тарта койсом “тыыырт” деген катуу добуш чыгып кетсе болобу. Осуруп койгондой болду. Баары мени карайт же айта албайм. Уят болгом кыскасы. muratbekova060990

Берешен айдоочу

Студенттик кез. Акчам калбай калган. Окууга чейин жол узак эле. Макул маршруткага айтып түшүндүрүп түшүп кетем деп отуруп алдым. Бара турган жериме жеткенде, “байке акчам калбай калды” десем, ал мага кара үйүмө жетип алышымды айтып 10 сом берген. Аябай сүйүнгөм. Кийин кайтарайын десем ал кишини таппай койгом. Ушундай адамдар көп болсо экен. pe.ri495

Төрөбө!

Бир жолу боюмда барда маршруткага түштүм. Жакшы эле кетип бараткам. Бир маалда ичим түйүлүп кирди. Унчукпай отура бердим. Бир убакта ушунча катуу түйүлдү, “ой ичииим, байкеее” десем, токтотуп “төрөбө, төрөбө, мен корком, азыр таксистерди чакырайын”,-деп түшүп кетти. Бир маалда 3-4 таксисти чакырып келиптир. Алар келип мени карап турушат. Бирөөсү төрөтчүдөй болуп “кана эмне болуп жатасың” дейт. Мен болсо “айыма жетелекмин, азыр төрөбөйм”,- дейм. Ошентип таксиге салып жиберген. Ү йгө жеткиче ичим басылып калды. ali___asko

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Биринчи сүйүүм мендей таппаганын айтып ыйлайт. Алгачкы сүйүү жөнүндө окуялар

"Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы", деп айткам. Мигранттардын окуялары

Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүу окуялар

"Мугалимдер бизден кечирим сурагыла". Акыркы коңгуроодогу боор эзген окуялар

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт