Иним кичинесинде сексуалдык зордуктоого туш болгон экен. Эмне кылсак болот?
Кимге кайрыларымды, эмне кыларымды билбей турам. Силер аркылуу жок дегенде өзүмдү сооротуп, суроомо табам деп ойлодум. Мен өзүм учурда чет жерде жүрөм. Жакында үйдөгүлөр менен телефондон сүйлөшүп жатканда, апам көптөн бери жашырып жүргөн сырын айтты.
Кыскасы, инимде мезгил-мезгили менен психикалык бузулуу болуп турчу: ыйлап, өз жанын кыюуну каалап ж.б. Бул учурда апама боорум ооруйт эле. Ал бизден көп азап чегип, тынчсызданчу. Ушундан улам, инимди жек көрүп жүрдүм. Өзүнө көңүл буруп жатат го деп ойлогом. Көрсө, инимди кичинекей кезинде кошуна бала зордуктап койгон экен. Бул жөнүндө апама гана айтыптыр. Ал эми кошуна бала кичинесинде кызыктай болчу. Эстесем, ал мага дагы тийишчү, бирок эч нерсе кылган эмес. Эми ал балалуу, үй-бүлөлүү.
Апамын айтымында, ал муну жасаганын танууга аракет кылган дагы эмес. Кайра далилдей албай турганыбызды айтыптыр. Ошондон кийин түнкүсүн уктай албай жатам. Апам, иним үчүн кандай сокку болгонун элестетип кыйналам. Оюма жаман ойлор келип, тиги кошнуабызды жок кылгым келип жатат. Апам жаман кесепеттерден коркуп улуу байкелерибизге айтпай жүрөт. Алар тирүү калтырылышы мүмкүн эмеси анык. Жакшы кеңеш бериңизчи. Ансыз деле башым айланып жатат.
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Катыңызды окуу абдан оор болду. Иниңиз экөөңөр кичинеңерде башыңардан кечирген кыйынчылыктарга терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Зордук-зомбулук, айрыкча сексуалдык зордук-зомбулук - бул ар бир адамдын психикасы үчүн, өзгөчө кичинекей бала үчүн өтө олуттуу жаракат.
Кантсе да, коопсуздукту камсыз кылуу муктаждыгы - адамдын гармониялуу өнүгүүсү үчүн зарыл болгон негизги муктаждыктардын бири. Бул тажрыйбаны бала кыйроо, тааныш дүйнөнү жок кылуу жана чоң жоготуу катары кабыл алат. Көп нерсе жагдайдан жана жаштан көз каранды.
Кошунаңардын иш-аракеттери баары бир кылмыш болуп саналат. Бир тууганыңыз кандай азап чеккенин элестетүү кыйын. Зордуктоонун таасири көп пландуу болот, андыктан, алган жаракаты дагы деле таасирин тийгизип жаткан болушу мүмкүн. Мен силердин үй-бүлөңөргө чын дилимден көңүл айтам. Ошондой эле ачууланып, зордукчуну жок кылууну, андан өч алууну каалап жатканыңарды жакшы түшүнүп турам. Себеби, биз адамдар ошентип кайгырабыз.
Муну жасаган адамды жок кылуу - зомбулукка зомбулук менен жооп берүү дегенди билдирет. Маселенин укуктук жагы бар, психологиялык жагы бар.
Балким, сиздин үй-бүлөңүздүн ар бир мүчөсү колдоого, керек болсо кесипкөй адистин жардамына муктаж. Кантсе да, зордук-зомбулук психологиялык жактан жабыркатат, ал тургай, ал жөнүндө жөн гана билип калсаң дагы. Айрыкча, жакын адамдарыңа жана туугандарга байланыштуу болсо.
Бир тууганыңызга психологдун кеңеши керек. Өз жанын кыюу жөнүндө ойлору болуп жатса, кийинкиге калтырбай, тезирээк кайрылганы оң. Бул жардамга чакырык болуп саналат. Азыр канчалык парадоксалдуу көрүнбөсүн, жаракаты катуу болгон учурда да, аны калыбына келтирүү мүмкүн. Кантсе да, зордуктоого бир тууганыңыз эмес, зордукчу күнөөлүү.
Менин оюмча, сиз бул кырдаалды кесипкөй адис менен талкуулап, сизде болуп жаткан сезимдерди иргеп, жүрүм-турум стратегиясын мыйзамдын чегинде тандагаңыз оң.
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Зомбулук фактылары боюнча каякка кайрылуу керек?
“Сен күнөөлүү эмессиң!” Сексуалдык зомбулукка туш болгон өспүрүмдөргө кеңеш
Зомбулукка кабылганда эмне кылуу керек? Адис кеңеш берет