// //

“Сен күнөөлүү эмессиң!” Сексуалдык зомбулукка туш болгон өспүрүмдөргө кеңеш

2020.11.26, 13:25
2239

Психолог Асель Суюнбаева түз эфирибизде конокто болуп, сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган өспүрүмдөрдүн суроолоруна жооп берип,  ата-энелер үчүн кеңеши менен бөлүштү. 

Сексуалдык зордук-зомбулук десе, көпчүлүктүн эсине дароо денеге залал келтирген же денеге дене тийген нерселер келет. Бирок, жыныстык катнаштан тышкары башка түрлөрү дагы бар экенин унутпайлы. Мисалы:  

  • оралдык секс
  • денени сылап-сыйпалоо
  • мастурбация
  • жыныс органдарын кол же буюмдар менен стимулдаштыруу
  • жыныс кынына же ануска ар кандай нерселерди киргизүү
  • дененин интимдик бөлүктөрүн көрсөтүү
  • порнографиялык материалдарды көрсөтүү
  • жуунуп жатканда аңдып көз салуу ж.б.

Өспүрүмгө кеңеш

Сенин күнөөң жок! Мындай оор кырдалга туш болгонуң үчүн күнөөлүү эмессиң! Угуп жатасыңбы, эч качан өзүңдү күнөөлөбө! Сени күнөөлөгөнгө эч кимдин акысы жок! Коркпо! Уялба! Баарына бул ишти жасаган адам күнөөлүү! Ал сөзсүз өз жазасын алышы керек! Эң биринчи кезекте ушул нерселерди түшүн, болбосо алдыга жыла албайсың. Өзүңдү басмырлаба, жемелебе, тескерисинче, болушунча жакшы көр, сөзсүз жакшы нерселерге туш болоруңа ишен. Баары бүттү деп жашооңо чекит койбо.

Ата-энеге кеңеш

Билем, кабыл алуу оор болот. Ошентсе дагы өзүңөрдү кармагыла. Бакырып баланы басып жатып калбагыла. Баланын ичинде эмне деген шумдук нерселер болуп жатканын түшүнгүлө. Айткандарына токтоолук менен мамиле жасап, шок болгонуңарды билдирбегиле. “Сен мага айтып туура кылдың”, “сен күнөөлүү эмессиң” деген сөздөрдү айтып, колдогула, кучактагыла, мээрим төккүлө. Айткандарына ишенип жатканыңарды дагы бир жолу айткыла. Суроо берсе жумшак жооп бергиле. Мындан ары эмне кыла турганыңарды ага ачык айткыла. Балаңар анын колдоочусу бар экенине ишениши керек. Окуяны жаап жашырганга аракет кылбагыла. Биринчи кезекте бирөөнү эмес, балаңарды ойлогула. Укук коргоо органдарына жана психологго кайрылгыла.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт