// //

ЖКККББнын сайтында унаа ээлери үчүн бардык маалыматтар барбы? Анализ

2021.03.14, 13:26
1921

Айдоочулар кандай укуктарга ээ экендигин, жол эрежесин бузгандыгы үчүн канча айып пул төлөрүн билүүнү кааласа, жөн гана рулга отургусу келгендер кайсы окууга барып, кантип лицензиялык сынакты тапшырса болорун түшүнгүлөрү келет. Kaktus.media бул маалыматтардын guobdd.kg  сайтында бар же жок экендигин текшерип көрдү.

ЖКККББдан (Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы) жарандарга эмне керек?

  • Айып пулдар жана аны менен байланышкан көйгөйлөр боюнча FAQ. Мисалы, унаа ишеним кат менен сатылган, ал эми ээси айып пул төлөбөйт дегендей.
  • Туура эмес жерде токтоп турган унааларды алып салуу үчүн адистерди кантип чакыруу керек?
  • ЖКККББга тиешелүү мыйзамдар, ыйгарым укуктар.
  • Инспектордун ыйгарым укутары. Кызматкерлер кайда жана качан турууга укуктуу, колу менен же таяк менен гана токтото алабы, салык төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны суроого укугу барбы.
  • Лицензия тапшыргандар үчүн жол эрежелери жана тесттер.
  • Лицензияны кантип алуу керек, автомектептердин байланыштары, лицензия алуу тартиби жана баасы.
  • Айдоочулардын кандай категорияларына кандай унаа айдоого уруксат берилет. Мисалы, В категориясындагы айдоочулар чакан жүк ташуучу унааларды айдай алабы, ж.б.
  • Бош орундар, бош кызмат орундарды ээлөөгө конкурс.
  • Жумушка орношуунун тартиби.
  • Тез жооп берүү үчүн "Суроо-жооп" рубрикасы
  • Кызматкердин үстүнөн кайда арызданса болот?
  • Жол эрежесин бузуу жана айып пул боюнча статистика. Пресс-релиздерде гана эмес, аналитика боюнча толук статистика.

Сайтта эмне бар?

Айрым маанилүү бөлүмдөр көрүнүктүү жерде турат: ишеним телефону, байланыштар, айып пулдар. Ал эми "Социалдык медиа китепканасы" бөлүмүндө видео көрсөтмөлөрдөгү эрежелердин бар экендиги колдонуучуларга байкала бербейт. 

Жаңылыктар менюда негизги орунду ээлейт. Мамлекеттик органдардын бардык сайттарында ушундай. ЖКККББда менюдагы жаңылыктар рубрикага дагы бөлүнгөн.

Негизги менюда унаа ээлерин кызыктырышы мүмкүн болгон маалыматтар - айып пулдардын тизмеси, "Коопсуз шаар" камераларынын картасы, унаа токтотуучу жайлардын даректери жана мыйзам бузуулардын түрлөрүнүн тизмеси бар. 

Бирок айып пулдарды текшерүү кызматынын шилтемеси, ошондой эле "Төлөм ыкмалары" бөлүмү иштебейт.

Бош орундар бөлүмү иштебейт. Айдоочулук күбөлүктөрдөн ажыратылгандардын тизмеси жаңыланган эмес. ЖКККББ аз кызмат көрсөтөт, бөлүмдө кыскача маалымдамалар ле бар. Түздөн-түз сол тилкеде көрсөтүлгөн байланыштарга же башка бөлүмгө чалуу керекпи же жокпу белгисиз.

Суроо берүү мүмкүнчүлүгүнө токтолсок, негизги менюдагы тиешелүү бөлүм толукталган эмес. Кырсык учурунда иш-аракеттердин эрежелери бөлүмүндөгү маалыматтар дагы толук эмес.

Чат бот дагы туура иштебейт. Ал эми ЖКККББ бөлүмдөрү жөнүндө маалымат жүктөлбөйт.

Ведомствонун өзүнчө бөлүмүндө жетекчиликтин ысымдарын басуу мүмкүн эмес, андыктан алардын өмүр баянын окуй албайсың, бирок тизменин өзү бар. Бош орундар бөлүмү толтурулган эмес.

Сайтта эмне жетишпейт?

Албетте, буга чейин бар болгон бөлүмдөр толтурулушу керек. Калктын көпчүлүк бөлүгү үчүн автоунааларга салынган айып пулду текшерүү үчүн ыңгайлуу система керек. "Коопсуз шаар" бөлүмүндө "Айыптарды текшерүү" бөлүмчөсү бар, бирок ал иштебейт. Ошондой эле сайтта колдонуучу унаанын тарыхын, ээлеринин санын текшерип, унаа күрөөгө коюлгандыгын билип турган форманы жайгаштыруу керек. Жарандар үчүн жаңыланган "Суроо-жооп" бөлүмү маанилүү, ошондой эле суроо берүү жана тез жооп алуу мүмкүнчүлүгү керек.

Колдонуучу айып пулду кайда жана кантип төлөөнү, кандай айып пул бар экендигин түшүнүшү керек.

Эгерде жол кыймылынын эрежелеринде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо, анда бир нече күндөн кийин табуу кыйын боло турган жаңылыктарды гана брип тим болбостон, бул өзгөртүүлөрдү өзүнчө бөлүмдө жарыялоо керек. Анда бир ай, бир жыл жана башка мезгилдерде кандай жаңылыктар болгонун так көрүү мүмкүнчүлүгү болот, ошондо окурман жол кыймылынын эрежелериндеги бардык өзгөрүүлөр менен дароо таанышып кетиши мүмкүн.

Ошондой эле, өзгөчө кырсык болгон учурда эмне кылуу керек деген бөлүмгө муктаждык бар.

Унаа ээлери ардайым жанында компьютер алып жүрбөгөнүн эске алсак, айып пулдар жана жол эрежелери бөлүмдөрү мобилдик нускага ылайыкташтырылышы керек.

ЖКККББнын инспектору эмнеге ээ же эмне укугу жок деген суроолор көп болгондугуна байланыштуу, балким, алардын ыйгарым укуктарын суроо-жооп форматында айтып берүү керек. Ал укутарын басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен жасап койсо, унаа ээси аны чыгарып, жанына салып алат. Мисалы, инспектор кызматын кыянаттык менен пайдалана баштаганда аны көрсөтөт. 

Лицензия алууну каалагандар үчүн автомектептердин байланыштары көрсөтүлө турган, тест тапшырмаларынын мисалдары же онлайн режиминде тапшырыла турган, анда лицензия алуу үчүн документтердин тизмеси бар бөлүмдү түзсө болчудай. 

Жалпыга маалымдоо каражаттары, активисттер, бейөкмөт уюмдар үчүн аймактар ​​жана айлар боюнча статистиканы камтыган бөлүк керек - берилген жана төлөнгөн айып пулдардын саны, кырсыктардын саны ж.б.

ЖКККББнын сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA - Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна "ПроМедиа Плюс" компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт