// //

Алтымыштагы апамдын бактысына тоскоол болгонума өкүнөм

2021.03.09, 16:55
6792

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш жигиттин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Баары бир каршымын!

- Менин жүрөгүм аны каалап жатпайбы, балам...

- Элдер эмне дейт?

- Алар менин жалгыздыгымды түшүнмөк беле, уулум...

- Карыганда дагы сүйүү болмок беле!

- Болот, балам, болот...

- Мен же ал!

Сыртка чыгып кеттим. Ачуумду токтото албай ары-бери баса бердим. Аныбы, шашпасын. Жөн жерден апама үйлөнгүсү келген жок. Үйдү алгысы бар же машинаны. Баары бир каршымын. Балдарыма чоң апаң турмушка чыгат деп кантип айтам? Кайын-журтум эмне дейт? Жок, жол бербейм!

Үйгө кирип келсем апам дале ордунда ойлуу отуруптур. Унчукпай барып жатып алдым. Тигиниси эртең келмек, жолугуп жолуна салып коюп, анан үйүмө жөнөйм. Менин апам! Эч кимге бербейм!

Ошондо чоң жаңылыштык кылып жатканымды түшүнбөптүрмүн.

- Сен кимсиң?

- Биринчиден саламатсыңбы, экинчиден сен эмес, сиз.

- Ишим жок сен менен, апам меники бербейм.

- Апаң буюм эмес, өзү чечет.

- Бербейм!

Костюм-шым кийген, ак чачтуу, маданияттуу байке экен. Колуна гүл менен торт көтөрүп алыптыр. Апам жактырган торт экенин дароо байкадым. Босогодон өткөрбөй эшикти жаап койдум. Апам унчукпай басып кетти.

Түндө апамдын ыйлап жатканынан ойгондум. Бөлмөмдөн чыксам, ашканада отуруптур.

“Буга чейин атаңардын айтканы менен болдум. Ал каза болгондон кийин силердин көңүлөрдү карап жашадым. Ойлосом, өзүм үчүн такыр жашабаптырмын. Баарыңар мени менчиктеп алгансыңар. Уулусу сени түшүнөт дедим. А сен түшүнбөдүң, балам. Карындашытарың менен инилериң дагы каршы. Ал адам менен таанышып дагы көрбөдүң. Мен эмне сүйүүгө, бактылуу болууга татыктуу эмесминби? Макул, силер айткандай болсун.”

Апам ыйлай берди. Чыдай албай бөлмөмө кирип кеттим. Эшикти жаап алып мен ыйладым. Туура эмес кылганымды аңдадым. Апамдын жашоосун менчиктеп алганымды билдим. Өзүмдү гана ойлоптурмун. Апамдын бактысына тоскоол болуптурмун. Апамдын жашоосун тескегенге кандай укугум бар! Мен жөн гана баласымын!

- Саламатсызбы!

- Келегой, сенин келериңди билгем.

- Кайдан?

- Акылдуу жигит экениңди көздөрүң айтып турат.

- Мени кечирип коюңуз, апам экөөңөрдүн бактыңарга тоскоол болдум. Апамды эмес, элдин сөзүн биринчи орунга койдум. Эгер макул болсоңуз, мени менен чогуу үйгө барыңыз. Апама сюрприз болсун.

“Апа!” Алма терип жүргөн апам бизди көрүп токтоп калды.

Азыр туура чечим кабыл алганымды билдим. Байкенин апама жасаган мамилесин, экөөнүн ээрчишип алып чогуу жүргөнүн көрүп жүрөгүм тынч. Баса, апаман кечирим сурап машина белек бергенбиз, экөө аны күн сайын жууп, бапестеп айдап жүрүшөт. Апам жашара дагы түштү. Байкеге сөз жок, “красавчик” экен. Сүйүүнүн мөөнөтү болбой турганын ошондо билдим. Анан дагы ар кимдин өз жашоосу бар экенин түшүндүм. Эч ким бирөөнүн жашоосун тескегенге укугу жок, атүгүл баласы болсок дагы. Апа эрке уулуңду кечир!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт