// //

ЖРТдан упай сатып алса болобу?

2018.02.21, 12:26
2538

Жалпы республикалык тестирлөө боюнча окурмандарыбыздан келген суроолорго Билим берүү жана илим министрлигинин Профессионалдык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чумукова Евгения жооп берди.

  • Быйыл бүтүрүүчүмүн. Чынын айтсам сабактардан начармын. Жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн Жалпы республикалык тесттен өтпөй каламбы деп корком. Угушум боюнча тоолуу райондордо, айыл-кыштактарда окуган бүтүрүүчүлөрдүн тестине 50 упай кошуп берилет экен. Ушул нерсе чынбы?

Эч кимге упай кошуп берилбейт. Жогорку окуу жайга бюджеттик негизде тапшырып жатканда гана абитуриенттер 4 категорияга бөлүнүп, Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү, айыл мектептеринин бүтүрүүчүлөрү, тоолуу жана кичи шаарлардын бүтүрүүчүлөрү өз-өзүнчө каралат. Конкурстар айтылуу категорияларга жараша өткөрүлөт. Демек, төмөн упай алып калсаңыз дагы окууга өтүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар болот.

  • Жалпы республикалык тестти милдеттүү түрдө тапшыруу керекпи? Сурайын дегеним эгер мен тест тапшырбасам, кайсы окуу жайларга өтө алам?

Кээ бир окуу жайларга тапшыруу үчүн тест жыйынтыктарынын кереги жок. Консерватория, көркөм-сүрөт училищалары, колледждер жана ошондой эле ИИМ менен Куралдуу күчтөр академиясына өтүүнү каалаган абитуриенттер тесттен тышкары атайын физикалык кароодон, окуу жайлардын өзүнүн сынактарынан өтүшөт.

  • Менин досумдун былтыр бүткөн агасы Жалпы республикалык тесттен кошумча упай сатып алгандыгын айткан. Чынында эле жогорку жыйынтыкка ээ болуш үчүн упай сатып алса болобу?

Сатып алуу мүмкүн эмес. Тест өткөрүлүп баштаган жылдан тарта мындай кептер айтылып, арыздар келип түшөт. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында бир дагы далил такталган эмес. Бул болгону имиштер.

  • Жалпы республикалык тесттен эң аз дегенде канча упай алуу керек? Эгер өтпөй калса эмне болот?

Жогорку окуу жайга өтүү үчүн жалпы жыйынтык 110 упай, тандалган сабактардын жыйынтыктары 60тан жогору упай болуусу шарт. Эгерде бүтүрүүчү шартта көрсөтүлгөн упайдан төмөн алып калса ал университетке тапшыра албайт. Кааласа колледж, училищага тапшырса болот же кийинки жылга жакшылап даярдык көрүшү керек.

  • Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн сөзсүз түрдө кошумча курстарга баруу керекпи? Себеби учурда тестке даярдоочу курстар арбын, кимисине ишенээрин билбейсиң.

Тесттер толугу менен мектеп программасына ылайыктап түзүлөт. Жалпы республикалык тестке даярдаган расмий курстар жок. Ар кандай компаниялар даярдоочу курстарды ачып жатышат. Бирок аларга толугу менен ишенүү мүмкүн эмес. Даярдануу үчүн бүтүрүүчүлөргө атайын бекер пособиялар таратылат. Каалагандар кошумча акыга сатып алышса болот. Ошондой эле Жалпы республикалык тестирлөөнүн расмий сайтында бекер тесттер бар, өтүп күчүн сынап көрсө болот. Жакшысы расмий түрдө сунушталган булактарды колдонуу керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт