// //

Туугандарым мени спорт залга күйөө табыш үчүн жазылды деп ойлошуптур

2021.03.04, 17:36
9617

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Салам Bilesinbi.kg! Мен силер менен өз башымдан өткөн баян менен бөлүшүүнү чечтим. Тагдыры мага окшош айымдар муну окуп бир күлүп алса керек. Анда сөз башынан болсун.

Чемоданым менен үйгө келсем, атам менен апам билмексен болуп, кайра качан кетеримди сурашты. Колумдун көгаласы, сынган тиштерим алар үчүн маанилүү эмес эле. Аа кокуй, бул жакта жашоо болбойт экен деп, кызымды ээрчитип батирге чыктым. Байкем, “дарегиңди айтып кой, күйөө бала келсе берем”,-деди. Ошол маалда ээрчитип бараткан кызым колумду бекем кысты. “Коркпо берекем”,-дедим дагы, байкеме тек гана жылмайдым.

Эртеси таежем чалды. Учурашпай туруп бакырып, жок бакырып эмес, айкырып кирди:  “Ай, сен кандай бети жок немесиң! Бизде эрден чыккан кыз болгон эмес! Кол көтөрсө эле кете бересиңби! Кайтып баргының! Ата-энең элдин көзүн кантип карайт! Кызыңа ата керек!”

Жерге жатып алып сабагын жазып жаткан кызым, шап тура калды.

- Апа, мага андай ата керек эмес, барбайбыз э?

- Барбайбыз!

Өз жашын сүртүп, бир аз тыйынымды берип дүкөнгө балмуздак алып келгени жөнөттүм. Экөөбүз биринчи жолу жайбаракат отуруп алып балмуздак жедик.

Күйөөсү жок жүрүү жугуштуу оору сымал баары менден кача башташты.

Курбуларым мени ватсаптагы группалардан чыгарып коюшту. Туугандар жамандык-жакшылыктарына чакырбайт, чакырган күндө деле ата-энем мени ээрчитип баргандан уялат. Тааныштар мени көрсө эле, бузулган телефон ойноп башташат. Эркектердин бузук оюу тууралуу айтпасам деле белгилүү. Билесиңерби, алар мени басынткан сайын кайра күчтөнүп жаттым.

Бир күнү кызым мындай деди:

- Апа, мен чоңойгондо турмушка чыкпайм.

- Эмнеге, атама окшоп сени ургандай кылып мени...

Боорума бекем кыстым. Жакшы адамдар көп экенин айттым. Биринчи кезекте күйөөгө тийүүнү эмес, билим алып бактылуу болууну ойлон дедим. Эки уячасын көрсөтүп жылмайды.

“Ажырашканыңа бир жыл болоюн деп калды, качан күйөөгө тиесиң”, “ муну менен таанышып көрчү, ажырашкан, төрт баласы бар”, “ичет бирок жакшы адам”, “тойлордо соксоюп жалгыз отурмак белең” ж.б.

Менин турмушум эч кимди жайына койбоду. Эң кызыгын айтайын. Спорт залга жазылып өзүмө кам көрө баштагам. Ошондо туугандар “күйөө табыш үчүн жазылдыңбы”,-дешти. Айла жок боорум эзилди. Көрсө, алардын оюу боюнча аял өзү үчүн жашабайт туура. Эх... баары бир түшүнбөйсүңөр. Капканда жүрө бергиле, а мен эч кимдин сөзүн укпай алдыга умутулам.

Мен азыр бактылуумун. Бир кезде коркконума карабай туура чечим кабыл алганымды билдим. Кызым дагы күлүп, көздөрү жайнап калды. Биринчисинде жаңылдым, балким экинчисинде жаңылбайм. Жаңылсам деле мейли, “стоп” деп айтып кетип калуудан коркпойм. Мен жөн гана бактылуу жашагым келет. Буга акым бар!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт