// //

Өзүнөн чоң чака көтөрүп бараткан баланын тагдыры көз жашымды агызды

2021.02.24, 13:22
2512

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окуучу окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен али жашмын, бирөөгө акыл үйрөтөйүн деген оюм жок. Болгону көңүлүмдү тынчытпай жүргөн сезим менен бөлүшкүм келди.

Адаттагыдай мектептен үйгө келе жаткам. Ойго батууну жакшы көргөндүктөн дайыма ойлонуп жүрөм. Ошол маалда да ой көлүнө чөмүлүп бараткам, капыстан бирөөнү түртө кеттим, селт эте түштүм. Башымды көтөрүп карасам жаш бала экен.

Анын көздөрү ушунчалык муңдуу, кусалык көөдөнүн жарып көзүнө чыккандай.

Канча убакыт турдум билбейм, эс-учумду жыйып кечирим сураганымча ал шаша-буша басып кетти. Узаганча караанын карап турдум. Колунда эки чоң чака бар эле.  Кичинекей бала болсо дагы ал чакаларды көтөргөн боюнча узап баратты.

Жүрөгүм уйгу-туйгу болуп зырп эте түштү. Ошондогу баланын көздөрү жүрөгүмдү ойго салды."Эмнеге көздөрү мынчалык муңдуу?" "Ким бул өзү?" деген суроолор менен алпурушуп заматта үйгө жетип келдим.

Канткен менен ошол мүнөттөгү абал такыр оюмдан кетпей туруп алды. Ал күнү ошону ойлоп кеч кирип, таң атты. Эртең менен тура калып мектепке эртерээк барууну эмес, эртерээк келүүнү каалап турдум. Анткени кечеги баланы ар дайым мектептен келе жатып көрчүмүн. Бирок эч маани бербегендиктен, утурлай эле басып кетчүмүн.

Сабактар да биринин артынан бири өтүп жатты. Менин ойлуу олтурганымды көрүп эжелер жемелешти. Анысы менин кулагыма гана угулбаса, көөдөнүмө жетпеди. Оюм онго, санам санга бөлүнүп, баягы баланы эстеп жаттым. Ошол күнү сааттын жебеси токтоп калгандай сезилди.

Мына, сабак да бүтүп коңгуроонун шыңгыраганы угулду. Сыртка шашып бараттым. Курбуларымдын "Токто!", Кайда сен?" дегендери жоопсуз калып, мени кандайдыр бир сезим жетелеп баратты. Күндө бир немелерди ойлоп кетчү жаным, бул жолкусунда бир нерсесин жоготкондой ары-бери карап элеңдеп бараттым.

Бир караанды көргөндө энемди көргөндөй кубанып кеттим. "Тигине мен издеген бала",- деп бакырып жибергенимди өзүм да байкабай калдым. Дагы деле колунда чака.

Арыраак кеткенче күтө турдум, анан артынан баса баштадым. Ал мени байкагандай басышын улам тездетип жатты. Мен изинен калсам бул ой мени кемирип бүтөт деп токтобой ээрчип бараттым. Аңгыча бир үйгө кирип кетти. Эмне кылышымды билбей көпкө турдум. Кошуналарынан ал бала тууралуу суроону чечтим. Акыры табышмагымдын жообу табылды.

Ал баланын атасы ичкиликке берилип кетип апасы экөө эки жолго түшөт. Бала апасында калат. Аз өтпөй апасы жан багуу үчүн Россия жергесине жол тартат. Баласын болсо тайкесинин үйүнө таштап кетет. Кеткенине эки жылдын жүзү болот. Эң жаманы өз баласынын жашоосун бир ирет сураганга жарабаптыр. А бул бала болсо алардын колунда соолуп баратат.

Эх, инсан ойлончу! Байлык эмне? Балаң болсо ошол сенин тоодой байлыгың эмеспи. Дүйнөдө бай боло туруп, балага зар болгондор канча. Ошолорго суроо узатып көрчү, байлык эмне бала деп жооп бермек.

Эх, инсан ойлончу! Ичкилик кайсы жакшылыкты алып келет? Сыгылдым деп өзүңдү ойлойсуң, сага үмүт артып карап турган перзентиңди унутасыңбы?

Эй,адамзат кайда барасың ойлончу,
Ичкиликти таштап эле койсоңчу.
Мейли иште, балаңды бак унутпай,
Бирок, таштап кетпесеңчи курутпай.

Ак жуунтуп, ак тарачы балаңды,
Көр дүйнө деп бузуп жүрбө санааңды.
Байлыгың бар алмаштыргыс колуңда,
Кусалуу жан күтүп турат жолуңда.

Бөтөн жерге иштеймин деп барасың,
Айтчы инсан кандай бакыт табасың?
Перзентиңди таштандыдай таштаган,
Сен тагдырдан өз жазаңды аласың.

Тагайбек кызы Шахра

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялымдын 23-февралга берген белегин 14 жыл күткөм

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт