// //

Уулумдун бир сөзү аялыма болгон мамилени өзгөрттү

2021.01.01, 15:44
6142

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир атанын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Жалтанбай тике карады. Көздөрү жашка толуп чыкты. Бирок, бир тамчы агызбай болгон күчү менен кармап турду. Эки муштумун дагы түйүп алыптыр. Коркуп кеттим.

Качан уулумдун мага болгон сыйын жоготтум экен? Ичип келип тополоң салгандабы? Жумуш издебей үйдө жаткандабы? Аялымды сыйлабай ыйлаткандабы? Мектептеги чогулуштарына барбагандабы? Ач калтырып досторум менен сайрандап жүргөндөбү? Билбейм, билбейм, билбейм... Бир билгеним, мен эми уулум үчүн авторитет эмесмин. Сыймыктана турган атасы эмесмин. Сыры менен бөлүшчү досу эмесмин. Мен жөн гана анын жарык дүйнөгө келүүсүнө себеп болгон бир бечарамын. Саны бар, сапаты жок аталардын катарына түштүм. Арданам!

- Апамы дагы ыйлатсаңыз, алып кетип калам.

- Кайда кетесиң?

- Сиз жок жакка!

Келинчегим экөөбүз таарыныша кеткенбиз. Кармана албай жүрөгүнө тийчү сөздөрдү айтып алгам. Уулум чуркап келип, апасын алып чыгып кетти. Кайра келип, мени урушту. Болгону алты жашта.

Кечир, уулум, сен бул куракта ойноп-күлүп жүрүшүң керек эле. Ары жок атаңдын жаман адаттары эрте чоңойтуп жибериптир.

“Мен сиздей болгум келбейт!” Бул сөзү дале кулагымда. Башка аталар “уулум чоңойсо мендей болом деди”,- деп сыймыктанышса, мен эми анте албайм. Баарына өзүм күнөөлүмүн.

Жаңы жыл. Таң эрте туруп базарга жөнөп кеттим. Жолдон бөтөлкөлөш досторум жолукту.

- Жүр, баш жазабыз.

- Барбайм.

- Эмне болду сага? Аялың коркутуп койдубу?

- Жок, уулум.

- Түшүнбөдүк.

- Силер менен жүрүп ата экенимди унутупмун.

- Эмне достугубуздан кечтиңби?

- Кечтим.

Сөгүнгөн боюнча кала беришти. Мен алардан уялбайм. Мен уулумдан уялам.

Балаты менен таттууларды алдым. Аялыма жакшы сапожка менен пальто алдым. Уулума эмне алсам экен? Ошондо өзүмдү дагы жек көрдүм, уулума эмне жагарын билбеген мендей атанын барынан жогу жакшы. Көпкө ойлонуп лего сатып алдым.

Аялым таң калып карады. Белегин берип кечирим сурадым. Уулум ары жактан карап турду. Чакырсам келбей койду. Өзүм бардым.

- Уулум, карачы сага лего алдым.

- Мен аны курганды билбейм.

- Мен дагы билбейм.

- ...

- Кел, экөөбүз баарын башынан курганды үйрөнөлү.

Бир саамга карап турду. Анан каробканы алып оюнчуктарды жерге чачты. “Апа, кел сен дагы биз менен баарын башынан курганды үйрөн”,-деп апасын чакырды. Үчөөбүз балатынан түбүнө отуруп алып лего кура баштадык.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
04.01.2021, 15:09

Орус тилини кантип уйронсо болот. Мен 9-класстан бери аракет кылып келе жатам эч эле уйроноалбай жатам. Азыр 3-курсмун. Убагында орус тил курстарына барып окуугамын, мектепте жакшы окуугамын. Кантип, кандай уйронсо болот? Кенеш беринизчи сураныч.

1
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт