// //

Суукта балдар менен кайда барам. Зомбулукка кабылган аялдардын баяны

2020.12.26, 17:27
1500

Психолог Асель Суюнбаева, “Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун директору Марина Джапаркулова жана “Сезим” кризистик борборунун юристи Ракия Рахматова барар жери жок зомбулукка чыдап жүргөн аялдардын суроолоруна жооп берди.

Кетпешимди билим “кет” дей берет

“Качан кетесиң?” Күйөөм ар дайым ушинтип мазактайт. Сөгөт, жаман сөздөрдү айтып көңүлүмдү оорутат, кээде кол көтөрөт. Үч балам менен кайда бармак элем деп баарына чыдайм. Бирок, акыркы күндөрү жашагым келбей кетет. Өлүп алайын дейм, бирок балдарымды ойлойм. Акча тапканы табат, бирок анысын минтип чыгарып алат.

Төркүнүмө бир күн батпайм

Төрт бала менен төркүнүмө бир дагы күн батпайм. Кайра башымды жерге салып, кызыл камчы күйөөмө барам. Туруп-туруп эле ачуусу кармап калат, анысын менден чыгарат. Балдарым дагы атасынан коркуп бүтүштү. Ушундан көрө кетип калайын дейм, бирок кайда барарымды билбейм. Унчукпай оозумду кытып жашап келем. Өзүмө ишенбейм, жадакалса балдарымды коргой албайм.

Кол көтөргөндөн дагы жаман сөздөрдү айтат

Качып кана кетким келет. Бирок, колумдагы балам кичинекей, жумушум жок. Турмушка чыкканга чейин өзүмө болгон баам сонун эле, азыр өзүмдү ушунчалык жек көрөм. Күйөөм күн сайын басынтат. Кол көтөрбөйт, бирок ошого эле барабар сөздөрдү айтат.

Адистер кеңеш берет

Асель Суюнбаева, психолог

Үй-бүлөлүк зомбулуктун төрт баскычы бар:

Биринчиси – чыңалуу.

Экинчиси - кол көтөрөт же ыйлаган абалга чейин жеткирет.

Үчүнчүсү - кооз сөздөрдү сүйлөп кечирим сурайт, экинчи кайталанбай турганын айтат, жалдырайт.

Төртүнчүсү - “Бал айы” деп аталат, жубайлар элдешишет, баалуу белектерди алып берет, жакшы сөздөрдү айтат.  

Эмне үчүн дагы бала төрөдү? Эмне үчүн кетип калбайт? Бул суроолорго жоопту үчүнчү жана төртүнчү этап берет. Аял бул эки этапка ишенип жүрө берет, мындайча айтканда, сөздөрүнө алданат, болду оңолот же акыркы жолкусу деп ойлойт. Балдар дал ушул акыркы эки этапта жаралат. Белгилүү убакка чейин жакшы жашашат, анан кайра эле баары башталат.

Зордук-зомбулуктун курмандыгы өздөрүнө ишенбеген, ар дайым чыңалуу абалында жүргөн, күнөөнү өздөрүнө ала берген адамдар болушат. Мунун баары каяктан келди дегенде, балалыктан пайда болушу мүмкүн. Ошол эле, “Эл эмне дейт”, “Аял киши үйдөгү тынчтыкты сакташы керек” ж.б. ушул сыяктуу стреотиптер дагы таасир берет.

Күйөөсүнөн таяк жеген сайын ачууланат, ызырынат, бирок булардын баарын күнөө сезими басып коет. Курмандыктар, “эч ким мага жардам бербейт”, “жардам алууга татыктуу эмесмин” деп ойлойт. Кээде ачык турган эшиктерди көрбөй калышы дагы мүмкүн.

Курмандык башында абалды өзгөртүүгө аракет жасайт. Бирок, кетсе ата-энеси же күйөөсү кайра алып келип коет. Анан бара-бара колун таштап, эч нерсеге умтулбай калат, тагдырына моюн сунуп берет. Ошол эле учурда кетип калайын дейт, бирок билими, жумушу жок, өз алдынча жашоодон, жоопкерчиликти алуудан коркушат. Анткени алар экономикалык жактан күйөөсүнө көз каранды болот.

Жашоону өзгөртсө болот, мүмкүнчүлүктөр толтура! Ооба, башында кыйын болот, аны четке кага албайбыз. Бирок, акыр-аягы жашоосу жүз градуска өзгөрөт. Болгону коркпош керек!

 “Мен сенден кетем” деп айтуу чыгуу жолу эмес. Анткени, бул учурда агрессор аябай ачууланып, өзүн кармай албай калышы мүмкүн. Алгач, жакшылап план түзүү керек. Анан үйдөгү абал тынч болуп турганда кетиш керек. Бул өзүн сактап калуунун мыкты жолу. Бара турган жерим жок деп эч кабатыр болунун кереги жок. Учурда кризистик борборлор бар, алар сөзсүз кабыл алат. Андан кийин психолог, юрист, дарыгерлер менен тыгыз иштешүү керек. Балдардын келечегин ойлоп, жашоосунун ар бир аспектин анализдеп чыгуу зарыл.

Ракия Рахматова, “Сезим” кризистик борборунун юристи

- Бара турган жерим жок деп зордук-зомбулукка чыдап отура берген болбойт. Эгерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылсаңар, “Сезим” кризистик борборуна же башка деле борборлого кайрылсаңар болот. Биздин борбордон акысыз юридикалык, психологиялык, социалдык жана медициналык жардамдар көрсөтүлөт. Бара турган жери жоктор борбордун шелтерине жайгаштырылат. Шелтер аялдардын балдары менен жашоосуна ыңгайлашкан. Ал жерден укуктук, психологиялык/психотерапиялык жана  социалдык жардамдарды алышат. Ошондой эле, кесиптик билим алууга, жумушка орношууга балдарды бала бакчага берүүгө көмөк көрсөтүлөт. Ыкчам байланыш телефонубуз күнү-түнү иштейт: (312) 51 26 40.

“Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун директору Марина Джапаркулова

Зордук-зомбулукка кабылганда 111 кызматына сөзсүз чалыңыз, чалуу акысыз. Биз дароо жардам берүүгө бардык аракетибизди жумшап, тиешелүү органдар менен чогуу иш алып барабыз. Зордук зомбулуктун курмандыгы менен тыгыз иш алып барып, колубуздан келген жардамды аябайбыз. Тийиштүү мекемелерге кайрылып, иштин жыйынтыгын сурап, кризистик борборлорго багыттап, адистердин телефон номерлерин берип, кайда кайрылуу керек экенин сунуштайбыз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт