Хиджаб кийгенден кийин паспортумдагы сүрөткө окшобой калдым
Саламатсызбы! ID паспортумдун мөөнөтү 2021-жылдын май айында аяктайт, ал эми жалпы жарандык паспортум 2023-жылда бүтөт. Россия Федерациясынын бажысынан өтүп баратсам, "сүрөтүңө окшобойсуң",-деп, көпкө кармайт. Себеби хиджаб кийгем. Эми ошого байланыштуу мөөнөтүнөн мурда паспортторумду алмаштырсам болобу?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Паспортту алмаштыруу үчүн жүйөөлүү себептер болуш керек. Мисалы, төмөнкү учурларда алмаштыра аласыз: мөөнөтү бүткөндө, жоголгонуна байланыштуу, жарактан чыккан учурда, паспорттун ичиндеги маалыматтар өзгөрсө (аты-жөнү, каттоосу, үй-бүлөлүк статусу). Ишиңизге ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?