Күйөөм эки баламды уурдап кетти. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен "заочно" ажырашкам, никенин бузулгандыгы жөнүндө чечим бар. Үч баланын апасымын, улуусу менде, кичүүлөрүн күйөөм уурдап кетти. Учурда кызымы дарылатып жатканыма байланыштуу Казакстандамын. Ушул жерде туруп балдарымды кантип алсам болот? Күйөөм "өлтүрөм" деп коркутуп жатат. Адвокат орто жолдон баш тартып койду.
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатсызбы! Балдарды өзүңүзгө талап кылып, сиз менен чогуу жашаган жерин аныктоо үчүн сотко кайрылыңыз. Киши өлтүрүү коркутуу боюнча коргоо ордерин берүү өтүнүчү менен ички иштер башкармалыгына арыз жазыңыз.
Ошол эле учурда, ата-энелер өз баласына карата, анын ичинде аны менен чогуу жашоо жана аны менен баарлашуу боюнча бирдей укуктарга ээ экендигин белгилей кетүү керек. Демек, баланын сиз менен жашаган жерин аныкттатуу үчүн доо арызыңыз менен сотко кайрылышыңыз зарыл. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 70-беренесине ылайык, ата-энеси бөлүнгөн учурда балдардын жашаган жери ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленет.
Макулдашуу болбогон учурда, ата-энелердин ортосундагы талаш-тартыш сот тарабынан балдардын кызыкчылыктарын жана пикирин эске алуу менен чечилет. Бул учурда сот баланын ата-энесинин, бир туугандарынын ар бирине жакындыгын, баланын жашын, ата-энесинин адеп-ахлактык жана башка жеке сапаттарын, ар бир ата-эне менен баланын ортосундагы мамилелерди, балага тарбия берүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн эске алат (кесибин, ата-эненин иш тартибин, ата-эненин материалдык жана үй-бүлөлүк абалы ж.б.).
Кошумча маалымат алуу үчүн юристке кайрылыңыз.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?