Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Саламатсызбы. Уулум мектепте дене-тарбия сабагынан жыгылып, колун сындырып алды. Больницага рентгенге түшүрүп, колун гипске салып келдик.
Мугалим “өзү жыгылды го”, - деп жоопкерчиликти өзүнө алмак тургай, баланы сурап да койгон жок. Кандай чара колдонсо болот?
Ширин Алмазова
Адвокат
Саламатсызбы.
РИИБге барып, доо-арыз жазганга толук акыңыз бар. Тергөөчү берген малымкат менен (направление) уулуңуз алган жаракатын тастыктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшүңүз керек.
Мектептин жетекчилигине чара көрүлүүгө тийиш. Себеби, мектеп жана мугалим бала мектепте жүргөн учурда анын, ден соолугу жана өмүрү үчүн жоопкерчиликтүү. Мугалим тараптан мындай мамиле жасаганы, өз милдетин билбегендик болуп саналат.
Кандай болгон күндө да, бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен бүтүрүүнү сунуштайм. Анткени уулуңуз ал мектепте дагы окуйт.