Каттоом Баткенде, бирок Бишкекте жашайм. Бул жактан паспорт алсам болобу?
Саламатсызбы! Мен Баткенден болом, каттоом дагы ошол жакта. Учурда Бишкекте турам. Паспортумду жоготуп алдым. Бишкектен алсам болобу же каттоом жок бербейби? Баткенге барып алышым керекпи?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Азыркы учурда катоонун кайда болгону маанилүү эмес. Тактап айтканда, кайсы жакка кайрылсаңыз, ошол жерден паспорт алаласыз. Эң негизгиси каттооңуз автоматташтырылган маалымат системасынан, "АСБ"дан чыгышы керек. Ошондой эле туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүк, эгерде никеде турсаңыз же бузулса, нике күбөлүгү жана жоголгон паспорттуңуздун көчүрмөсү бар болсо, аны алып, каалаган калкты тейлөө борборуна кайрылыңыз. 119 кыска номерине чалып кошумча маалымат алсаңыз болот. Жалпысынан 670 сом керектелет, анын ичинде 200 сом мамлекеттик төлөм, 470 сом паспорттун баасы. 12 иш күнүндө даяр болот. Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?