// //

Таблетка менен бойдон түшүрүү эненин сүтүнө зыян эмеспи?

2020.12.04, 12:08
2964

Саламатсызбы! Эки жумалык боюмда бар. Жети айлык кызымды эмизем. Таблетка менен боюмдан түшүрсөм, сүтүмө зыян болбойбу? Андан кийин кызымды эмизе берсем болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.12.2020, 12:16

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Саламатсызбы! Өз алдынча бойдон түшүрбөңүз, бул ден соолук үчүн  өтө кооптуу. Бойдон алдыруу сөзсүз гинекологдун көзөмөлү алдында болушу керек. Андыктан, биринчи гинекологго кайрылыңыз. Жалпысынан медикаментоздук аборт жасатса болот. Болгону ал дарыны ичкен күндөрү, эмизүүнү токтотуп туруу керек. Андан кийин эмчек эмизе берсеңиз болот. Дагы бир жолу айтам, гинекологго кайрылыңыз.

Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт