// //

“Паническая атака” болуп жатам, дары ичишим керекпи же психологго барамбы?

2020.11.27, 12:09
2697

Менин суроом мындай, жарым жылдан бери депрессия болуп жатам, “паническая атака” деп да коюшат экен доктурлар. Жүрөгүм чыгып кетчүдөй болуп, башым айланып, дем ала албай кыйналам.

Ушул оорудан кантип айксам болот? Психологго барамбы же антидепрессант ичемби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.11.2020, 12:09

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык. Депрессия жана “паническая атака” экөө эки башка түшүнүк.

Депрессиянын негизги белгиси – адамдын маанайы басыңкы болот. Эч нерседен ырахат албайт, бардыгына кайдыгер. Андан башка белгилери төмөнкүлөр:

  • пессимизим;
  • социалдык активдүүлүктүн төмөндөшү;
  • чарчоо, апатия;
  • уйку басуу же тексерисинче уйку качуу;
  • тамакка табиттин жоголушу;
  • суицидалдык ойлор.

Депрессия деген диагнозду психиатр деген адис гана коет. Аны дарылоо үчүн медикаментоздук каражаттар жана психотерапия колдонулат.

“Паникалык атака” – бул паниканын курч приступтары. Адам өлүп калуудан, акылынан тайып кетүүдөн же белгисиз бир нерседен коркот. Бирок реалдуулукта андай коркунуч жок болот.

Приступтардын аралыгында адам кадимкисиндей эле жашап жүрө берет.

Паникалык атаканын симптомдору:

  • абанын жетишсиз болуп ынтыгып дем алат;
  • баш айланат;
  • жүрөктүн согушу тездейт (тахикардия);
  • тремор (денени калтырак басат);
  • ашыкча тер бөлүнөт;
  • дем жетпегендей, муунуп бараткандай сезим пайда болот;
  • реалдуулукту кабыл ала албайт, жакындарын тааныбайт;
  • дене мүчөлөрүн (колу, бутун) сезбейт;
  • бирде тердеп, бирде чыйрыгат.

Айрым учурларда элдер паникалык атаканы жүрөктүн кармап калуусу (сердечный приступ) менен адаштырышат.  

Кээде эки диагноз тең бир эле учурда болот, башкача айтканда депрессия менен паникалык атака.

Паникалык атака диагнозун психиатр, психотерапевт, психолог коет. Дарылануу жолу медиакентоздук жана психотерапиялык.

 

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?

Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт