Айызым кармалып жатат, бирок тест салсам кош бойлуулукту көрсөткөн жок
Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма төрт ай болду. Балалуу болушубузду аябай күтүп жатабыз. 10 күндөн бери айызым кармалып жатканынан тест алып текшерсем, бир эле сызыкча чыкты. Эмнеге мындай болуп жатат?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Арзан тесттердин көбүнүн сезимталдуулугу төмөн болот, б.а. кош бойлуулук бар болсо да көрсөтпөй коюшу мүмкүн.
Тагыраак маалымат алуу үчүн ХГЧ анализин тапшырууну сунуштайм. Кош бойлуулуктун мөөнөтү аз болгон учурда да так жооп алууга жардам берет.
Ийгилик!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка